23-июлга караган түнү Орусиянын Воронеж облусунда украиналык 36 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн аймактын башчысы Александр Гусев билдирди.
Анын айтымында, дрон кулатылганда анын калдыктары Воронеж шаарынын четиндеги жер тамга түшүп, өрт тутанган. Үч жашар бала чарчап калды, анын ата-энеси жаракат алды. Ошол эле аймакта дагы бир киши жабыркады. Гусев ири маркетплейстеринин биринин кампасынын чатырына, фасадына зыян келтирилгенин айтты.
ASTRA жергиликтүү тургундарга таянуу менен Wildberries компаниясынын Новая Усман кыштагында жайгашкан кампасына чабуул коюлганын кабарлады.
Бул маалымат расмий тастыктала элек.
Буга чейин украиналык дрондор аталган компаниянын бир нече кампасына сокку урган. Украин президенти Владимир Зеленский компания Орусиянын армиясын дрон тетиктери, навигациялык каражат жана ок-дары менен камсыздоого аралашып келгенин жарыялаган.
23-июлда украиналык дрондор Ульянов облусундагы Новоспасск районундагы отун-энергетикалык комплекске сокку урганын аймактын башчысы Алексей Русских билдирди. ASTRA аталган кыштакта мунайды кайра иштетүүчү заводду өрт чалды.
Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов түнкү соккулардан бир киши каза таап, төртөө жараат алганын, арасында эки бала бар экенин маалымдады.
"Крымский ветер" Телеграм каналы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, Феодосияга жакын жердеги электр станциясында катуу өрт чыкканын билдирди. Балаклава жылуулук электр станциясында ок атуу жана жардыруулардын добушу угулганын жергиликтүү тургундарга шилтеме берип жарыялады.
Украиналык мониторинг каналдары Башкырстандагы өндүрүш-диспетчердик станциясындагы өрт тууралуу да кабарлап жатышат. Аймакта дрон коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланган, буга байланыштуу аэропорт ишин токтоткон.
Белгород облусунун ыкчам штабы да бир нече калктуу пункттарда дрон соккусу болгонун кабарлашууда. Орус бийлигинин расмий маалыматына караганда, чабуулдардан бир нече адам жабыркады. Бийлик коммерциялык объектиге сокку урулганын кабарлап, бирок кененирээк маалымат берген жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү украиналык 223 учкучсуз учакты атып түшүрдү.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун, логистикалык борборлорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.
Шерине