Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын 21-топтомун макулдашты.
Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 23-июлда билдирди.
Анын айтымында, бул ирет дагы 32 орусиялык банк, криптовалюталык компаниялар, мунай сатуу менен алектенген платформалар чектөөлөргө илинет.
"Орусиянын согуш машинасы базардагы олку-солку абалдан пайда көрбөшү үчүн мунайдын баасына түзөтүү киргизүү чечимин бир жылга токтотуп жатабыз. Биз биринчи жолу Орусиянын көмүскө флотуна көмөктөшкөн кемелерди мелжедик", – деп жазды Урсула фон дер Ляйен X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал Еврошаркет "орусиялык комбатанттардын биримдикке киришине расмий тыюу салуу боюнча маанилүү кадам таштаганын" кошумчалады.
Reuters өз булактарына таянып жазгандай, жаңы санкциялардын топтомунда Орусиянын суюлтулган газын үчүнчү мамлекеттерге кайра жүктөп жөнөтүүгө бир жыл бою чектөө болбойт, анын мөөнөтү автоматтык түрдө узарат.
"ЕБге мүчө мамлекеттер Грекияга тилектештик билдиришти. Грекия болочокто башка өлкөлөргө карата да ушундай эле кадам таштары күтүлүп жатат", – деди Еврошаркеттеги дипломаттардын бири.
Июлдун ортосунда Грекия Орусиянын суюлтулган газын үчүнчү өлкөлөргө ташууга тыюу салынып жаткандыктан, Евробиримдиктин 21-санкциялар топтомун кабыл алууга каршы чыккан.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Афины грек миллиардери Георгий Прокопиунун Dynagas кеме компаниясынын кызыкчылыгын коргоого аракеттенүүдө.
Евробиримдиктин өкүлдөрү Украинага негизсиз кол салганы үчүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү маселесин он күндөй талкуулады. Жыйынтыгында Евробиримдиктин 26 өлкөсү Орусиянын суюлтулган газына каршы даярдалып жаткан жаңы санкцияларды кийинкиге калтырууга аргасыз болуп, Грекиянын талабына көндү.
Европадагы деңиз аркылуу эң ири жүк ташуучулардын бири болгон гректер суюлтулган газга байланышкан чектөөлөрдүн мөөнөтүн жылдырууну талап кылып келди.
Шерине