Тажикстандан жигит кезинде кетип, алтымыштан оогондо мекенине кайтып бараткан акын менен ат жалында маектештик.
- Сиявуш мырза, саламатсызбы. Угушума караганда сиз көп жылдан кийин Тажикстанга кайтууну чечкен экенсиз...
- Бул да болсо маңдайга жазылган тагдыр. Советтер Союзу кыйрап, чоң өзгөрүүлөргө күбө болдук. Адамдар ажайып таңда ойгонуп эле башка өлкөдө жашап калганын билишкен. Мен дагы ошол маалда мекенден алыс болуп калдым. Мурдагы СССРдин көптөгөн аймактарын түрө кыдырып чыктым десем болот. Орусияда, Өзбекстанда, Украинанын Жанкой аймагында, Казакстандын Алматы шаарында жашагам. Сиз айткандай, кийин Бишкекте туруп калдым. Көп жылдык өмүрүм ушул жерде өттү. Ага абдан кубанам.
- Эгемендик алган жылдары айрыкча акын-жазуучулар кыйналганы айтылып келет. Сиз ошол кезде эмне менен алектендиңиз эле?
- Союз кыйрагандан кийин залкар Чыңгыз Айтматов тажиктин чыгаан акыны Гүлрухсор Сафиевага кездешип калып, "Поэзия менен адабият бакпай калган бул заманда кантип жашап атасың?" деп сураган экен. Чынында поэзия менен адабияттын калем акысы акын-жазуучуларды баккан, керек болсо абдан жакшы баккан убактар болгон. Мен ал доорго күбө болуп калдым. Алгачкы ырларым жыйнак болуп чыга электе СССРдин жазуучулар бирлигине мүчөлүккө кабыл алынгам. Канчалык урушуп, жаман көрсөк да ошондой жылдар өткөнүн калыстык үчүн айта кетүү керек. Кийин эгемендик алган жылдары челнокчулук кылып жүрдүк. Жакында эле Бишкектен челнокчуларга тургузулган эстеликти көрүп калдым. Бул демилге мага абдан жакты, айкөлдүк кадамдай көрүндү. Негизи ошол кезде чаар баштыгын көтөрүп, соода кылгандар өз үй-бүлөсүн, өлкөсүн сактап калган. Мен өзүм адабий котормочумун. Заман өзгөргөндө шартка ыңгайлашып, кээде расмий кагаздарды фарсыдан орусчага, орусчадан фарсыга которуп жүрдүм. Кыргызстан ШКУнун мүчөсү болуп көп жыйындарды өткөрүп жүрбөйбү. Бул процесске мен дагы катышып калдым. Отурумдарды, эксперттердин пикирлерин которгон күндөр болду. Андан тышкары, аябай көп китеп котордум. Эми бошураак убактым көбүрөөк болот, ошого жараша көбүрөөк жаза баштайм деп турам. Жазган чыгармалардын ичинде сөзсүз Кыргызстан камтылат. Кыргыз элине ыраазы боло турган көп учурлар баштан өткөн.
- Негизи адабият, маданият чек араны билбейт дешет. Ошол эле маалда ынтымакты бекемдөөчү күчкө да ээ экен...
- Кудайга шүгүр, канча кыйналса да Кыргызстан менен Тажикстан Жазуучулар бирлигин жоюп салбай сактап калышкан. Азыр бул уюмдар бири-бири менен тыгыз байланышта. Мен адабий жолугушууларга көп эле катышкам. Кыргызстандын делегациясы менен Тажикстанда өткөн адабий иш-чараларга баргам. Ошол эле маалда бул жактагы адабий кечелерге Тажикстандын өкүлү катары катышып жүрдүм. Бул жагынан алганда акын-жазуучулардын моюнунда чакырыктарга өз убагында жооп берүү милдети турат. Кылымдардан бери келе жаткан достук кармалып, сакталышы үчүн күрөшүү зарыл. Мен мындан ары эки өлкөнүн бийлиги достук жибин үзбөй, байланыштарды бекемдейт деп ишенем.
- Борбор Азия чөлкөмүндө жаштар чет тилдерди үйрөнүүгө тырышат. Бирок коңшусунун тилин билбейт. Орус тилинде баарлашат. Бири-биринин тилин билбегендик дагы ажырымга себеп болуп жаткан жокпу?
- Жашоо өз мыйзамын таңуулап жатпайбы. Адамдардын англис, кытай, корей тилин билүүгө умтулганында жаман нерсе жок. Кайра мактоого татырлык иш. Тажиктерде “Бир тилди билсең бир адамдын, эки тилди билсең эки адамдын салмагында болосуң” деген макал бар. Андыктан эки тилди бирдей сакташ керек. Коңшулардын бири-биринин тилин билбегени албетте ыңгайсыздык жаратат. Мен бир кезде Тажикстандагы кыргыздар байырлаган райондо жашагам. Алар айрым тажиктерге караганда тажик тилин жакшы билчү. Ошол эле маалда өз эне тилин жоготпой сактап калышкан. Бул жактагы кыргыз досторум аларга “мага караганда кыргызча таза сүйлөшөт экен” деп суктанган учурлар болгон. Албетте, союз маалында орус тили үстөмдүк кылды. Азыр андай жок. Бирок кайсы тил болбосун аны билүү чоң жетишкендик. Мен Орусияда да жашагам. Ал жерде кыргыз жаштары башкаларга караганда орус тилинде абдан сабаттуу сүйлөшчү. Тил бул жөн эле тил эмес. Тил – маданияттын, менталитеттин жана маалыматтын чоң сандыгы. Андыктан кытайча да, англисче да үйрөнүп, бирок өз эне тилиңди жоготпой калуу керек деген пикирдемин.
- Сиз бизге караганда көбүрөөк байкоо салып, кабардар болсоңуз керек, тажик адабиятынын азыркы абалы кандай?
- Азыр адабияттын абалы биздин чөлкөмдө эле эмес, дүйнөдө начарлап баратат. Китеп мурдагыдай окулбай калды. Журналистикада дагы ушундай метаморфозалар жүрүп жатат. Гезит-журналдар мурдагыдай чыкпай калды. Адабият интернетке көчүп, ошол жактан ордун табууда. Азыр байкашымча азыр электрондук форматка өткөн ырлар, чыгармалар өтө көп. Улуу муундун өкүлү катары албетте мага басмакана жыттанган китеп менен гезиттен өтөрү жок. Анткен менен болуп жаткан өзгөрүүлөргө көз кырымды салып турам. Адабият тоскоолдуктарга карабай, санариптешип жатат. Биздин убакта мындай жок эле. Андыктан адабиятты өнүктүрүү, үнүн дүйнөгө жеткирүү жаштардын өз колунда.
- Биз бала чакта “Рустам-Дастан” деген тажик фильмин көп көрдүк эле. Азыркы тажик киносунун абалы кандай?
- Биз дагы бала кезибизде кыргыз тасмаларын көрүп турчубуз. “Кыргыз керемети” деп аталчу эмес беле. Апам экөөбүз Уркуя Салиева ("Отко таазим" - ред.) жөнүндө кинону көрүп ыйлаган элек. Азыр көргөн сайын бала чагымды эсиме түшүп жашып кетем. Же болбосо Динара Асанованын тасмалары. Терең философия катылып турат. Сиз айткан “Рустам жана Сухрабды” айтылуу режиссер Борис Кимягаров тарткан. Ал киши Голливудга же учурдагы тасмаларга салыштырмалуу аз эле акчага, жупуну техникага карабай кереметтүү тасмаларды калтырып кетти. Азыр Тажикстанда автордук кинолор көп тартылып жатат. Билбейм, балким бул акчага байланыштуу чыгаар. Чоң метраждуу, тарыхый жакшы фильмдер мамлекет акча бөлгөндө гана тартылып жатат.
- Сиз интернеттин мүмкүнчүлүгү кең экенин айтып жатасыз. Бирок ошол эле маалда интернетте Борбор Азиянын жаштары тарыхка же башка маселеге байланыштуу талашып-тартышкан учурларын көрүп калам. Андайда интернет уруш-талаштын айдыңына айланып кеткендей таасир калтырат. Эмне үчүн мындай болуп жатат деп ойлойсуз?
- Союз маалында улуттук салт-санаага, фольклорго анча маани берилчү эмес. Ошол себептүү Борбор Азия чөлкөмүндөгү элде кичине өгөйлөнгөндөй сезим бар эле. Кийин заман өзгөрдү. Улуттук тарых, маданият, салт-санаа алдыга чыга баштады. Анан эле ушул "акылсыз толкун" каптады. Менимче, бул убактылуу көрүнүш. Азыркы тапта ооба, интернетте өтө көп талкуулар болуп турат. Бул өсүүнүн оорусу деп койсок болот. Бул да өтөт. Бирок анын кесепети башкаларга тийбеши үчүн биздей акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, киночулар жаштарга туура жол көрсөтүп, мындай талаштар менен даража көтөрүлбөсүн айтышыбыз керек. Бирөөнү басынтуу менен душмандан башка эч нерсе таппайсың. Ал эми кастыктын түбү жакшы бүтпөйт. Андыктан симпозиумдарды, фестивалдарды өткөрүп, аларга мамлекет колдоо көрсөтүшү керек. Жакында эле тажик жаштары Кыргызстанга, кыргыз жаштары Тажикстанга барды. Мындай иш-чараларды көп өткөрүү керек. Биргеликте тоскоолдуктарды жеңсе болот.
- Сиз бир топ жыл мурда Украинада да, Орусияда да жашаган экенсиз. Азыр бул эки өлкө согушуп жатат... Бул алаамат жаңы башталгандагы абалыңыз эсиңиздеби?
- Украинада, чек аранын түбүндөгү Жанкойдо туугандарым жашачу. Ал жердеги эл бул орус же бул татар деп бөлүнчү эмес. Менин алыс туугандарым арасында татарлар да, украиндер да, орустар да бар. Азыр алар кайда барат? Убагында союздун кыйрашы масштабдуу трагедияга алып келген жок деген элек. Бул тууралуу жазганбыз, тынч тарап кеткенге сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы, азыркы кырдаал таптакыр башканы көрсөтүп жатат. Абдан түшүнүксүз доордо жашап жатабыз. Мен эмне кылам? Ырларымда ыйлагандан башка аргам жок. Бактыма, Кыргызстандын Эл акыны, ыраматылык Вячеслав Шаповалов менен дос болуу буюрган экен. Анда орустун да, украиндин да каны бар эле. Согуш башталганда анын аябай кейип, кайгырганына күбө болгом. Бул тууралуу укмуштай ырларды да жазды. Жаткан жери жайлуу болсун, күчтүү котормочу эле, өзүм котормочу болсом да талантына таң калчумун. Анын ырларын фарсыга которгону жаткам, ал меникин орусчага котомой болгон. Тилекке каршы, ал күнгө жетпей калды. Ал жүрөгүнүн түптүрүндө өзүн кыргыз сезчү, ушул жерде жашаганына сыймыктанчу. Тилекке каршы, ушундай адамдарды жоготуп жатабыз. Алардын орду түбөлүккө толбойт экен...
- Чыңгыз Айтматов менен дагы мамилеңиз жакшы беле?
- Мага ал кишиге жолугуу бактысы буюруптур. Анчалык жакын болбосок дагы, ал барган жерлерге барып, жолугуп жүрдүм. Достук маанайы өкүм сүргөн жерлерде сүйлөшүп да калдык. Ал кишинин сөздөрү терең маанини, адабий көркөмдүктү, философияны камтып турчу. Бир жылы Ирандын белгилүү режиссеру Мохсен Махмальбаф Бишкекке келип (2005-жылы - ред.) өзүнүн кинолорун көрсөтүп калды. Ал жерге Чыңгыз Айтматов дагы барган. Ошондо ушундай терең сүйлөгөн эле аны мен эч качан унутпайм. Айтматов тажик элинин ынак досу эле. Мен сизге айта кетейин, анын орусча жазылган чыгармалары кыргызча чыга электе, тажик тилине которулуп чыгып калчу. Чыңгыз Төрөкулович менен достук мамилеси бар жазуучулар китептин котормо укугун биринчилерден болуп сурап алышчу.
Азыр Кыргызстандагы жаш акын-жазуучулар менен байланышым бар. Кээде жолугуп, план түзөбүз, бирок убакыттын тардыгынан аны ишке ашырганды унутуп калабыз. Ошентсе да кыргыз жаштарынын чыгармаларын Тажикстанда, тажик жаштарынын чыгармаларын Кыргызстанда чыгаруу ниетибиз бар.
- Жогоруда эгемендик алган жылдар оор болгонун айттыңыз. Кыргыз тарыхчылары 90-жылдар азыраак изилденип жатканын, тасмалар аз тартылып, адабиятта аз чагылдырылып жатканын айтып келишет. Тажикстанда да ошондойбу?
- Албетте, аз изилденген. Бирок эки тарапта тең бул темага кайрылган жазуучулар, акындар бар. Айталы, Чыңгыз Айтматов, бизде болсо Абдулхамид Самадов, Урун Кухзод, Сорбон Пури Хамрох өз доорунан алдыга озуп, бул темада жазып коюшкан. Бирок 90-жылдар трагедиялуу доор болгон. Анын баарын ойлонуп, кайра баштан көз алдыдан жана жан дүйнөңөн өткөрүү убакытты, эркти талап кылат. Мен азырынча андай тобокелдикке барып, ошол кездин чакырыгына жооп бере элекмин. Бирок канча жашайм ким билет, кудай берген өмүрүмдө жазганга аракет кылам.
- Эртең сиз Тажикстанга аттанып жатасыз. Жеткенден кийин эмне кыласыз, туугандардан башка кимдер менен жолугасыз?
- Албетте, биринчи кезекте жакындарым менен жолугам. Кичине көнүшкөнчө убакыт керек дегендей. Анан жана айткандай, пландарым бар. Эки өлкөнүн ортосунда көпүрөлөрдү кургум келет. Кудайга шүгүр, андай көпүрөлөр бар. Бирок алар канчалык көп болсо, ошончо жакшы. Өз мүмкүнчүлүгүмө, билимиме жараша адабият жаатындагы кызматташууну бекемдегенге, кеңейткенге салым кошом. Театр чөйрөсүндө биздин андай элчибиз бар. Ал Барзу Абдурразаков. Менин досум, дүйнөнүн адамы. Жакында эле бул жакка келип, сонун спектакль коюп кетти. Ал тууралуу кийин сөзсүз жазам го. Ал эми адабият жаатында байланыш союз учурунан бери бар дечи, бирок достук эч качан ашыкча болбойт. Ага салым кошконго аракет кылам.
Сиявуш Жунайди биз менен маектешкендин эртеси туулган жерине бир чемодан китеби жана эскерүүлөрү менен кайтып барды. “Озоди” радиосунун кабарчылары тарткан видеодон аны Дүйшөмбүнүн аэропортунан достору тосуп алганын көрүүгө болот.
Шерине