Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Украин тарап Орусиянын ракетасы Польшанын аймагына өтүп кеткенин билдирди

Польшанын Люблин аймагындагы Тарнава-Колония кыштагына жакын жер. 30-июль, 2026-жыл
Польшанын Люблин аймагындагы Тарнава-Колония кыштагына жакын жер. 30-июль, 2026-жыл

Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Сибига 30-июлга караган түнү Орусиянын жапырт чабуулдарында орусиялык Х-101 канаттуу ракетасы Польшанын чек арасынан өтүп кеткенин, муну менен НАТОнун аба мейкиндиги бузулганын билдирди.

Сибиганын айтымында, мындай көрүнүш Украинанын абадан коргонуу системасын украин элин коргоо үчүн эле эмес, европалыктарды коргоо үчүн да күчөтүү зарылдыгын далилдеди.

Министрдин айткандарын "РБК-Украина" басылмасы жазды.

Буга чейин поляк бийлиги жардыруу тууралуу маалыматтар түшкөнүн, Украина менен чек арага жакын аймактан жер оюлуп калганын жана чачылып кеткен сыныктар табылганын жарыялаган. Окуя Люблин аймагындагы Тарнава-Колония кыштагына жакын жерде болгону айтылды.

Люблин аймактык бийлигинин өкүлү Марцин Бубич абадан коркунуч тууралуу эскертүү Өкмөттүк коопсуздук борборунун сунушу менен күтүлгөн коркунучка байланыштуу жарыяланганын билдирди. Польшанын армиясы асманга истребителдерди көтөрүп, абадан коргонуу системаларын согуштук даярдык абалына келтиришкен.

Wirtualna Polska (WP) басылмасы Польша өкмөтүндөгү булагына шилтеме берип, өлкөнүн аймагына Орусиянын ракетасы кулаганын жазды.

Варшава кандай жабдык экенин так айта элек, иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG