Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

ШКУ Украина жана Ирандагы согушту токтотууга арачы боло алабы?

Нарендра Моди, Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган ШКУнун Бишкекте саммитинин фонунда жасалган коллаж
Нарендра Моди, Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган ШКУнун Бишкекте саммитинин фонунда жасалган коллаж

ШКУнун Бишкек саммитинин расмий күн тартибинде Украина кризиси талкууланган жок. Бирок 20дай өлкө жетекчилеринин арасында орус-украин согушу, Ирандагы согуш тууралуу сөз болбой койгон жок. Ушу тапта уюмдун эки мүчөсү согуштук кырдаалда. Саммитти утурлай өлкө лидерлери өз ара жолугушууларды өткөрдү.

Согуштарды токтотууга уюмдун мүчөлөрү таасир эте алабы?

Саммиттин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзинпин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолукту. Моди орус президентине: “Согуштун ар бир күнү адамзатты артка тартып жатат. Биз чексиз согуштан согушту токтотууга өтүшүбүз керек. Индиянын билдирүүсү ушундай. Бизге чексиз согуш эмес, согуштун аяктаганы керек”, - деп айткан.

Си менен жолугушууда Украинадагы согуш тууралуу үстүртөн гана сөз болгонун, бул маселе талкууланбаганын Путиндин басма сөз катчысы Песков билдирди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 31-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Украинадагы согушту токтотууга чакырды. Моди өз сөзүндө Украинадагы согушту токтотуп, тынч жол менен чечилиши зарыл экенин айтты.

"Биз Украина маселесин байма-бай талкуулап келебиз. Мурдагы жолукканыбызда сиз кеңири маалымат менен бөлүшүп, кырдаалдын бардык тарабын талкууладык эле. Сиз Индия мында бардык тынчтык аракеттерин колдой турганын жана колдоосун алдыда дагы уланта берерин билесиз. Согуш жүрүп жаткан ар бир күн сайын адамзат бир кадам артка кайтат, ал эми тынчтыкка карай жасалган ар бир кадам адамзатка тынчтыкка чыныгы үмүт тартуулайт. Биз токтобогон согушка караганда согушту, согуштук аракеттерди токтотууга өтүшүбүз зарыл. Биз дал ушул багытта кетишибиз керек. Бул бардык адамзат үчүн маанилүү. Биз бардык маселелерди тынч жол менен чечишибиз зарыл. Муну жалпы адамзат талап кылат".

Владимир Путин ага: "Биз ошол жол менен бара жатабыз", - деп гана кыска жооп берди.

Орус президенти эртеси Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде сөз сүйлөп жатып, куралдуу жаңжалдардын алдын алуу зарылдыгын айтты.

“Бишкектеги биргелешкен ишибиз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бүткүл Евразия боюнча коопсуздукту, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөөгө салым кошот деп ишенем. Буга байланыштуу урматтуу достор, бүгүн, 1-сентябрь Экинчи дүйнөлүк согуштун башталган күнү экенин эске салгым келет. Биз куралдуу жаңжалдарга алып келиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерди дүйнөлүк тажрыйбадан толугу менен четтетүү үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшүбүз керек. Биздин ишибиз дал ушуга алып баратат деп ишенем”, - деди ал.

Путиндин Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусунда да Украина маселеси кеп болгону айтылууда. Арийне, Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге жооп бергенде Украина кризиси сөз арасында эле учкай кеп болгонун, олуттуу талкуу болбогонун билдирген.

Ошол эле маалда, Кытай бийлиги Украина кризисин сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөп келет. Эки ай мурун Бээжиндин БУУдагы дипломаты Сунь Лэй согушту токтотууга үндөгөн.

“Жаңжалдар эч кандай көйгөйдү чечпейт. Ошондуктан, согушту мүмкүн болушунча тез арада токтотууга чакырабыз”, - деген ал.

Байкоочулар буга чейин Кытай менен Казакстандын согушту тынчтык жол менен чечүү сунушун кулак сыртынан кетиргени Кремлдин компромисстик жолдон алыстыгын билдирерин айтышат.

Казакстандык саясат талдоочу Толгонай Умбеталиева Шанхай кызматташтык уюму орус-украин кризисин чечүүгө кудуретсиз экенин белгилейт.

Толганай Үмбеталиева
Толганай Үмбеталиева

"Моди айткан сунушту, менимче, ааламда көп мамлекет күтүп, колдоп отурат. Бирок бул кризисти Орусия менен Украина гана чече алат. Азыркы кезде Путин Зеленскийден күтүп отурган сунуш – Украина келечекте НАТОго жана эч кандай саясий, аскердик блокторго кирбей, бейтарап макамды тутунуп, Европа менен Орусиянын ортосундагы буфердик аймак болуп калышы керек. Путин ушул чечимди күтүп отурат. Украина буга келишпесе согуш андан ары улана берет".

Украинадагы соогушту токтотуу маселесин орус президентине жакында казак лидери Касым-Жомарт Токаев да көтөргөн.

25-июлда ал Европа менен АКШдан көптөгөн белгилер келип жатканын, Украинадагы согуш мамлекеттер аралык жаңжал экенин жана аны жарандык согуш катары мүнөздөөгө болбой турганын белгилеген.

Ал Путинге согушту аяктап, "жаңжалды токтотууга" убакыт жеткенин айткан.

"Биз ар дайым украин элине, алардын маданиятына, тилине урмат-сый менен мамиле кылып келебиз. Ошондуктан, бул жаңжалдын табияты көптөр үчүн, анын ичинде биз үйүн да анча түшүнүксүз болуп жатат. Маселен, Азербайжан менен Армениянын ортосунда болгон жаңжалды алсак, анын маңызы биз үчүн айкын болчу. Анын тамыры тарыхка терең кеткен. Бул жерде болсо түшүнүү өтө кыйын. Сиздин Аляскадагы жолугушууда максималдуу түрдө дипломатиялык ийкемдүүлүккө барганыңызды билем. Бул менин жөнөкөй пикирим. Мүмкүн бул конфликтти токтотуп, Стамбул формуласына кайтуу керектир. Анткени, анда олуттуу жыйынтыктарга жетишкен болчу".

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына 4,5 жылдан ашты. Түрдүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Жакынкы Чыгыш жана Ирандагы согуш

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Бишкектеги саммитинде Ирандагы согуш да башкы темалардын бири болду. Ирандын президенти жыйындын алкагында конок тоскон кыргыз президентинен сырткары дагы бир катар мамлекеттердин лидерлери менен кездешип, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын түрдүү өңүттөрүн сүйлөштү.

ШКУ лидерлери жыйынтыктоочу декларациясында Ирандагы согушту дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөштү.

31-августта Бишкекке жумуш сапары менен келген Ирандын президенти Масуд Пезешкиан бул күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү багыттарын сүйлөштү. Бул күнү кечинде ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Масуд Пезешкиан саммитти утурлай Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Ал Кытай лидери Си Цзинпин менен бейрасмий учурашса, Орусиянын президенти Владимир Путин менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бишкек декларациясы: Ирандагы согушту токтотуу чакырыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:38 0:00

1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде Масуд Пезешкиан өз өлкөсүндөгү согушка кенен токтолду. Ал былтыр 13-июнда Израил Иранга сокку урганын жана быйыл 28-февралда АКШнын чабуул койгонун айыптап, муну Бириккен Улуттар Уюмунун жобосун жана эл аралык укукту бузуу катары баалады. Пезешкиан кийинки Исламабад тынчтык келишимин Кошмо Штаттар сактабай жатканын белгилеп, эгер Вашингтон андагы милдеттерин аткарса, Тегеран да ага кайтууга даяр экенин айтты.

“Бул Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекетке жана байыркы цивилизациясына кол салуу болду. Биз уюмдун жана ага мүчө өлкөлөрдүн бул агрессияны айыптоосун жана Ирандын элине жана өкмөтүнө тилектештик билдиргенин жогору баалайбыз”, – деди ал саммиттеги сөзүндө.

Масуд Пезешкиан аталган кебин улай ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун чыңдоого чакырды. Муну үчүн ал Иран Ислам Республикасы уюмдун алдында Коопсуздук тармагында стратегиялык изилдөөлөр боюнча борборду түзүүнү сунуштай турганын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 1-сентябрдагы жыйынында буларга токтолду:

“Биздин уюм мындан ары да блоктук ой жүгүртүүдөн жана тирешүүдөн эркин болуп, ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керек”, – деди Садыр Жапаров.

ШКУ арачы боло алабы?

Израил менен Ирандын ортосунда көп жылдан бери уланып келаткан аскердик чыңалуу быйыл февралда кескин курчуган.

АКШ менен Израил 28-февраль күнү Иранга карата аскердик операциясын баштап, ракеталар менен аткылаган. Ага жооп кылган Тегеран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына карата ракеталарын учурган. Муну менен катар Перс булуңундагы Ормуз кысыгын бөгөттөп салган. Бир айдан бери булуң аркылуу Жакынкы Чыгыштын мунайын ташуу токтогон.

Узак сүйлөшүүдөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 17-июнда Жакынкы Чыгышта уланып жаткан жаңжалды токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга онлайн кол коюшкан. 60 күндүк келишим аяктаган соң тиреш кайрадан жанданган.

Мунун фонунда маселе Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек аянтчасында көтөрүлдү. Айрымдар муну бир тараптан Израил жана АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалга ортомчу түшүүгө Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүк катары көрүшүүдө.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев мындай дейт:

“Маселенин ШКУнун аянтчасында көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, Иран уюмдун толук кандуу мүчөсү. Бул биринчиден. Экинчиден, согушту токтотууга Шанхай кызматташтык уюму дипломатиялык роль ойной алат. Албетте, бул үчүн НАТО сыяктуу механизмдери жок, бирок кайсы бир деңгээлде аянтча болуп бериши мүмкүн. Менимче азыр жаңжалды чечүү үчүн Кыргызстанда уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Кыргыз бийлиги учурдан пайдаланып, Ирандагы согуштуу токтотуу үчүн “Бишкек диалогу” деген демилгени көтөрсө болот. Расмий Бишкек АКШны да, Иранды да тез аранын ичинде сүйлөшүүгө чакыруу жасап, ага Бишкекти сунуштоого болот. Албетте, бул согушту түздөн-түз токтото албашы мүмкүн, бирок согушту токтотуу жараянын Кыргызстан баштаган болуп кала берет”.

Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мүчө. Мындан сырткары 15 өнөктөш мамлекет, 2 байкоочу мамлекет бар.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кытай АКШ менен соода-экономикалык багытта тирешип келатса, Орусия Украинадагы уруштан улам Вашингтон менен мамилесин бузган. Борбор Азия өлкөлөрү болсо Иранга канчалык жан тартса дагы АКШ менен кызматташууга кызыкдар. Ушундай жагдайда Шанхай кызматташтык уюму Иран менен Кошмо Штаттарга арачы боло алабы?

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Руслан Жалил “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:

“Ирандын президенти Бишкекте айткан билдирүүлөрүнүн өзү алар АКШ менен согушту улантууга кызыкдар эмес экенин жана сүйлөшүүнү жандантууга ниет коюп жатканын көрсөттү. Болгону басым аркылуу эмес, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу диалог курууга даяр экенин, аны өзүнүн шарттары аркылуу жүргүзгүсү келерин билгизди. Бирок менимче, ШКУ Ирандагы согушту токтото албайт. Анткени, колунда андай механизмдери жок. Биринчиден, жаңжалдын экинчи тарабы – АКШ менен Израил уюмдун ичинде эмес. Экинчиден, уюмдун ичиндеги мамлекеттердин кызыкчылыктары ар башка. Орусия менен Кытай Батыш менен өзүнчө мамиле кургусу келет, ал эми Борбор Азия өлкөлөрү ошол эле АКШ менен өзүнчө ымаласы бар. Албетте, көпчүлүгү тынчтыкты каалашат, бирок конфликтти токтотууга алардын чамасы жетпейт”, - деген көз карашта Руслан Жалил.

Саммитте кабыл алынган 28 документтин бири – Бишкек декларациясында Ирандын суверендүүлүгүн колдоо жана жаңжалды дипломатиялык жол менен гана чечүү чакырыгы камтылган.

Украиндагы уруш, Ирандагы согуш. Бишкекте эмне сөз болду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:15 0:00
  • 16x9 Image

    Кубатбек Айбашов

    "Азаттыктын" кабарчысы.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG