Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 1-сентябрда, Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушуу өткөрдү.
Президенттин администрациясынын билдиришинче, жолугушууда кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүү, эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сөз болгон.
"Соода-экономикалык жана инвестициялык, билим берүү, саламаттык сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жана башка багыттар сыяктуу келечектүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды", - деп жазылган маалыматта.
Ушул эле күнү ШКУнун алкагында Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолугуп, аскердик кызматташтыкты талкуулаганы кабарланган.
Түркия Кыргызстандын эң ири соода-сатык өнөктөшү. Өлкөдө түрк компаниялары ачкан жүздөгөн ишканалар бар. Алар кен казуу өнөр жайы, курулуш, финансы жана соода тармактарында иштешет.
Түркиядан Кыргызстанга текстиль, курулуш материалдары, электр буюмдары импорттолсо, Кыргызстан кайра айыл чарба жана эт азыктарын экспорттойт.
Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыкты күчөтөрүн айтты.
Бишкекте 1-сентябрда өткөн саммитте ал болжол менен 3,5 миллиард калкты жана 35 триллион доллар өлчөмүндөгү ИДӨнү камтыган ШКУ соңку 25 жылда көп уюлдуу тартиптин ажырагыс элементтеринин бирине айланганын кошумчалады.
"Азия-Тынч океан аймагын жана Жакынкы Чыгышты бирдей карап, БУУнун ишин колдогон жана толуктаган уюм катары ШКУ эң оболу борборунда аймактык жоопкерчилик жаткан биздин көп кырдуу тышкы саясатыбызга шайкеш келген түзүмгө ээ. Биз уюм элдин бакубаттуулугу үчүн мааниси зор тоскоолдуксуз жана коопсуз транспорттук коридорлорду түзүүдө, энергия менен камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу тармактарда маанилүү роль ойной алат деп эсептейбиз. Биздин өлкө Уюмга мүчө мамлекеттердин батыш базарларына чыгышын камсыз кылууда, өзгөчө энергетикалык коридорлорду диверсификациялоодо жана геосаясий тобокелдиктерди башкарууда чечүүчү роль ойнойт", - деди Эрдоган.
Эрдоган Азербайжан аркылуу өткөн Ортоңку коридор демилгесин "Бир алкак, бир жолго" шайкеш келтирүүгө умтулушарын жана ШКУ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылышарын кошумчалады.
Климаттын өзгөрүшүн изилдеген СОР31 жыйыны быйыл 11-12 ноябрда Анталияда өтөрүн эске салып, жыйындын катышуучуларын саммитке катышуу үчүн Түркияга чакырды.
"Биз дүйнөнүн ар кандай аймактарында климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери менен күрөшүүгө өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Жана ушул максатта 2026-жылдын 11-12-ноябрында Антальяда СОР31 саммитин кабыл алабыз", - деди Эрдоган.
Анкара аймакта жаңжалдарды диалог жана дипломатия жолу менен жөнгө салуу жоопкерчилигин өзүнө аларын айтты.
Бириккен Улуттук Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү максатында эл аралык институттарды реформалоо зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин алкагында өткөн "ШКУ плюс" жолугушуусунда билдирди.
Ал дүйнө көп полярдуу болуп баратканын белгилеп, бул тенденцияны бекемдеш керектигин кошумчалады. Гутерриш кызматташуудагы негизги төрт багыт катары глобалдык коопсуздук, өнүктүрүүнү каржылоо, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү жана жасалма интеллекти жөнгө салууну атады.
"Адилеттүү дүйнөлүк тартипти куруу үчүн биз Бириккен Улуттар Уюму жана Бреттон-Вудс системасы сыяктуу көп тараптуу институттарыбызды заманбап реалдуулукка ылайыкташтырып реформалашыбыз керек. Ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн жана таасирин кеңейтишибиз керек", - деди Гутерриш.
Баш катчы эл аралык коопсуздук маселесине, Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, эл аралык келишимдер менен нормаларды сактоого чакырды.
"Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын кесепети узакка созулчудай, ок атышпоо тууралуу жетишилген келишимдер дайыма бузулуп, ак атышуу уланууда. Дүйнөгө эл аралык укуктарды, эркиндикти камсыз кылуу менен тынч, адилет жана узакка созулган жөнгө салуу зарыл. Газада ок атышууну токтотуу зарыл. Гуманитардык жардам корсөтүүгө тоскоолдуктар тез арада жоюлушу керек", - деди ал.
Украина маселесине токтолгон Гутерриш адилеттүү жана туруктуу тынчтык боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачуу үчүн ок атууну толук жана токтоосуз токтотуу зарыл экенин билдирди.
"ШКУ плюс" жыйынында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюму өз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы мамиленин жакшыртуу боюнча резолюцияларды ишке ашырууга эч кандай роль ойнобогонун айтты.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ), анын ичинде Коопсуздук кеңешин реформалоону колдой турганын билдирди.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны, "ШКУ плюс" жолугушуусу 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү. Жыйындын соңунда 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте ШКУнун трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борбору Бишкекте жайгашарын айтты. Аталган борбор үчүн керек болгон бардык инфраструктураны кыргыз тарап даярдаганын маалымдады.
Бул борбор ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал чакырыктарга каршы туруу боюнча универсалдуу түзүм катары иштей турганын министр кошумчалады.
Кулубаев саммитте кол коюлган башкы саясий документ ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы болгонун белгиледи. Кыргызстандын башкы дипломатынын айтымында, бул декларацияда эл аралык жана аймактык маселелер боюнча уюм мүчөлөрүнүн макулдашылган позициясы камтылды.
Министр документте кандай конкреттүү позициялар бар экенин тактаган жок.
Жээнбек Кулубаев жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөр киргенин, ал уюмдун коопсуздук архитектурасын өнүктүрөрүн кошумчалады.
Шерине