Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Алиев БУУ Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткарууда таасир этпегенин айтты

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда. Бишкек, 1-сентябрь, 2026-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда. Бишкек, 1-сентябрь, 2026-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бишкекте өтүп жаткан "ШОС+" жыйынында Бириккен Улуттар Уюму өз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы мамиленин жакшыртуу боюнча резолюцияларды ишке ашырууга эч кандай роль ойнобогонун айтты.

"Бир жылдай мурда Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашык убакытка созулган жаңжалга чекит койду. Муну менен көп жылдык чыр-чатактын очогу болгон Түштүк Кавказ аймагы тынчтык ордосуна айланууда. Азербайжан азыр Арменияга мунай өнүмдөрүн жеткирип, үчүнчү өлкөлөрдүн жүктөрүнүн транзитин камсыз кылууда. Армения менен биргеликте сооданын көлөмүн көбөйтүү, анын номенклатурасын кеңейтүү жана транспорттук коммуникацияларды түзүү үстүндө иштеп жатабыз", - деди азери президенти.

Алиев муну менен катар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1993-жылы кабыл алынган төрт резолюциясы 30 жылдан кийин, тактап айтканда үч жыл мурда аткарылганын белгиледи.

Бирок Улуттар Уюму бул резолюциялардын аткарылышында эч кандай роль ойнобогонун, Азербайжан суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен өзү калыбына келтиргенин айтты.

Муну менен катар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын кыска мөөнөттө аткарылышы тиешелүү механизмдерди иштеп чыгууну талап кыларына токтолду.

Азербайжан менен Армениянын алакасы 1990-жылдардын башында Тоолуу Карабак автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгып, Армян ССРине киргенден тарта начарлаган. Мунун айынан тараптар отуз жылдан ашуун согушкан.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан этностук армяндар жашаган Карабак аймактарында "антитеррордук операция" баштаган. Ал өзүн-өзү жарыялаган республиканын бийлигинин багынып бериши менен аяктаган.

Эки кошуна Тынчтык декларациясына Никол Пашинян жана азери лидери Илхам Алиев былтыр 8-августта АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин кол коюшкан. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG