Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери 1-сентябрда аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүнү сүйлөштү.
Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов жана Түркиянын улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Бишкекте, Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында жолуккан.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда мекемелер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, тажрыйба алмашууга, аскердик кадрларды даярдоого жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
"Өз кезегинде Түркиянын улуттук коргоо министри Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө толугу менен даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан 2021-2022-жылдары Түркиянын "Байрактар" компаниясынан заманбап "Байрактар TB2", "Аксунгур", "Акынжы" дрондорун сатып алган. Кыргыз бийлиги аларды канча суммага сатып алганын ачык айткан эмес.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Аскердик билим берүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимине 1993-жылдын 3-мартында кол коюлган. (ST)
Шерине