1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышууда.
Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда жана “ШКУ+” форматындагы жолугушуу да өтөт.
2001-жылы Бээжин жана Кремлдин демилгеси түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт. (BTo)
Шерине