Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Путин, Си, Моди Бишкекте. Чоң державалардын атаандаштыгы жана кызматташтыгы

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Бишкектеги саммиттин алкагында жолукту, 31-август, 2026-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Бишкектеги саммиттин алкагында жолукту, 31-август, 2026-жыл

1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитти өтөт. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан баштаган лидерлердин Кыргызстанда чогулушу эл аралык медианын көңүл борборуна чыкты.

Associated Press (AP)агенттиги өз макаласында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУнун) түптөөчүлөрү Кытай менен Орусия акыркы жылдары бирикменин эл аралык таасирин кеңейтүүгө жана Батыш үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартипке альтернатива сунуштоого аракет кылып жатканын белгилейт.

Мындай жагдай өзгөчө Орусия жана Иран үчүн маанилүү. Москва Украинага каршы толук масштабдуу согуштан улам Батыштын санкцияларына кабылган. Ирандын лидери болсо АКШ жана Израил менен согуш уланган учурда Бишкекке келди.

Басылманын баамында эки өлкө тең Батыштан тышкаркы мамлекеттер менен алакасын бекемдөө үчүн ШКУ сыяктуу платформаларга көбүрөөк маани берүүдө.

Бирок агенттик ШКУну Батышка каршы бирдиктүү блок катары кароодон да карманат. Уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий кызыкчылыктары олуттуу айырмаланат.

Мисалы, Индия АКШ менен стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүп жана ошол эле учурда Кытай менен атаандашып келет. Индия менен Пакистан ортосунда да көп жылдан берки олуттуу карама-каршылыктар бар.

Дал ушул себептен ШКУнун Батышка каршы бирдиктүү блокко айланышы "оңой эмес" деген пикирлер айтылып жатканын агенттик белгилейт.

«Көп уюлдуу дүйнө»

Al Jazeera Бишкектеги саммитти «көп уюлдуу дүйнө» концепциясынын алкагында талдайт.

Телеканал дагы ШКУ расмий түрдө Батышка каршы уюм эмес экенин белгилейт. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин бул аянтчаны өз позициясын жайылтуу жана Батыштын үстөмдүгүнө альтернатива көрсөтүү үчүн пайдаланып келатканына көңүл бурат.

Бишкектеги саммитке чогулган өлкөлөрдүн масштабы да бул талкууну күчөтүүдө. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт. Аймактык уюмга Кытай, Индия жана Орусия сыяктуу ири державалардан тышкары Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан, Иран жана Беларус кирет.

Түркиянын Anadolu агенттиги бул өлкөлөрдүн экономикасы дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн төрттөн бирине жакын экенин белгилейт.

Бирок калктын саны, аймактын көлөмү жана экономикалык потенциал дароо бирдиктүү геосаясий күчкө айланууна негиз болбойт.

Кытайдын таасири күчөп жатабы?

South China Morning Post ШКУнун 25 жылдыгына башка өңүттөн саресеп салып, уюм Кытайдын Евразиядагы стратегиясында кандай роль ойноп жатканына көңүл бурду.

Басылма Бишкектеги саммит Си Цзиньпиндин «көп уюлдуу Евразия» боюнча дымагын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берерин жазат.

Shanghai Academy of Social Sciences борборунун эксперти Ли Лифандын айтымында, АКШ баштаган Батыш менен Глобалдык Түштүктүн ортосунда атаандаштык күчөгөн сайын Бээжин үчүн ШКУнун жана бүтүндөй Борбор Азиянын мааниси өсүүдө. Кытай Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну тереңдетүү менен жалпы кызыкчылыктарды табууга жана ШКУ аркылуу дүйнөлүк тартипке өз таасирин күчөтүүгө аракет кылууда.

Мунун экономикалык негизи да бар. South China Morning Post Кытайдын расмий маалыматына таянып, Кытай менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы товар жүгүртүү былтыр рекорддук 106 миллиард долларга жеткенине токтолот. Натыйжада Кытай беш өлкөнү чогуу эсептегенде алардын эң ири соода өнөктөшүнө айланган.

Си Цзиньпиндин Бишкекке сапары ШКУ саммити менен гана чектелбейт. Ал Кыргызстанга үчүнчү ирет мамлекеттик сапар менен келди.

31-августта Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин «түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө» келишимге кол коюшту.

Эки өлкөнүн мамилесинде Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор да маанилүү орунда турат.

Орусиянын ШКУдагы орду

Батыш медиасынын дагы бир чоң темасы - Кытай менен Орусиянын ортосундагы күчтөрдүн балансы.

The Wall Street Journal Владимир Путин Бишкекте Си Цзиньпин менен Орусиянын эл аралык таасири алсыраган маалда жолугуп жатканына көңүл бурду.

Басылма Украинадагы согуш, Батыштын санкциялары жана Орусиянын экономикасына жасалган басым Москванын Бээжинге болгон экономикалык жана стратегиялык көз карандылыгын күчөткөнүн жазат.

Мындай шартта Кытайдын позициясы буга чейинкиге салыштырганда алда канча күчтүү деген пикир бар.

ШКУнун өзү да дал ушундай өзгөрүүнү көрсөтөт. Аймактык альянс 2001-жылы түзүлгөндө Борбор Азияда Кытай менен Орусиянын таасири салыштырмалуу тең салмактуу сезилчү. Азыр болсо Кытай региондогу эң ири соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бирине айланды.

Ошол эле учурда Москва Борбор Азия менен коопсуздук, миграция, тил жана тарыхый байланыштар аркылуу терең алакасын сактап келет.

ШКУ кеңейди. Бирок биримдик бекемби?

The Diplomat ШКУнун 25 жылдыгына арналган анализин «бирге жашоону институтташтыруу, бирок бир пикир жок» деген маанидеги аталыш менен жарыялады.

2001-жылы уюм түзүлгөндө ага Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген. Кийин Индия, Пакистан, Иран жана Беларус кошулду.

Натыйжада ШКУ географиялык жана саясий жактан чоңойду. Бирок жаңы мүчөлөр менен кошо алардын ортосундагы карама-каршылыктар да уюмдун ичине кирди.

Кытай менен Индиянын чек ара талашы бар. Индия жана Пакистандын мамилеси ондогон жылдан бери чыңалуу менен коштолуп келет. Кытай менен Орусия өнөктөш болгону менен Борбор Азияда алардын экономикалык жана саясий кызыкчылыктары дайыма эле дал келе бербейт.

Иран - ШКУ үчүн сыноо

Бишкектеги саммиттин дагы бир маанилүү темасы - Иран.

2023-жылы Иран ШКУга толук кандуу мүчө болуп кошулган. Президент Масуд Пезешкиан анын өлкөсү АКШ жана Израил менен согушуп жаткан учурда Бишкекке келди.

AFP агенттигине комментарий берген ирандык эл аралык мамилелер боюнча эксперт Мохаммад Хасан Нажми белгилегендей, Тегеран ШКУ сыяктуу бирикмелерге активдүү катышуу АКШ жана Европанын санкцияларынын таасирин азайтууга жардам берет деп үмүттөнөт.

Бирок эксперт мындай уюмдардын Иранга кризис учурунда берген конкреттүү жардамы азырынча чектелүү экенин белгилейт.

Бул жагдай ШКУнун мүмкүнчүлүгү тууралуу фундаменталдуу суроону жаратат. Аталышында «кызматташтык» турган жана коопсуздук маселелерине олуттуу көңүл бурган бирикме өзүнүн мүчөсү олуттуу аскердик жана экономикалык кризиске кабылганда эмнеге жөндөмдүү?

Бишкектеги сүйлөшүүлөр бул суроого канчалык деңгээлде жооп берери азырынча белгисиз.

Индиянын өз эсеби бар

Индиянын медиасы Бишкектеги саммитке өзүнчө ракурстан карап жатат.

Алар үчүн Нарендра Модинин Си Цзиньпин жана Владимир Путин менен бир аянтчада болушу, ошондой эле Иран президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуусу маанилүү.

Моди Бишкекте Пезешкиан менен жолугуп, Индия Иран менен сооданы кеңейтүүгө жана диверсификациялоого кызыкдар экенин билдирди.

2017-жылы Индия ШКУга толук мүчө болгон. Бирок Нью-Дели бир эле учурда АКШ жана Батыш менен да жакын мамиле түзүп, QUAD сыяктуу форматтарга катышат.

Бишкек дүйнөлүк саясаттын аянтчасына айланды

Бишкектеги саммитке ШКУнун мүчөлөрүнөн тышкары Түркия, Азербайжан, Армения, Монголия жана башка мамлекеттердин лидерлери менен өкүлдөрү чакырылган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш баштаган эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышууда.

1-сентябрдагы жыйын Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын негизги жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

Саммитте эл аралык жана регионалдык коопсуздук, соода, экономика, транспорт жана логистика, санариптештирүү, экология жана гуманитардык кызматташтык талкууланат. Жыйындын соңунда ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясын жана бир катар башка документтерди кабыл алуу пландалган.

Бирок эл аралык медианын көңүлү расмий документтерден да кеңири суроого бурулуп турат.

Эл аралык басылмалар Батыш үстөмдүк кылган дүйнөлүк системага Бишкектен кандай альтернатива сунушталарына кызыгат. Кытай медиасы болсо ШКУну көп уюлдуу дүйнөнүн жана кызматташтыктын платформасы катары көрсөтүүдө. Индия үчүн бул өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө жана бир учурда бир нече күчтөрдүн борбору менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча.

Ал эми Борбор Азия чөлкөмү чоң державалардын атаандаштыгы күчөгөн сайын аймактык бирикмени өз кызыкчылыгы үчүн канчалык пайдалана алат?

ШКУ 25 жыл мурда дал ушул Борбор Азиянын айланасында түзүлгөн. Бүгүн анын курамында дүйнөдөгү эң ири державалардын айрымдары бар.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG