Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган жоон топ 30-августта чоң салтанат, шаан-шөкөт менен тосуп алышты.
Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилди. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.
“Шаттык” элдик бий ансамблинин бийчилери тигилген боз үйлөрдүн фонунда көчмөн элдин салттуу жашоо образын чагылдырган кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты.
Бул Синин Кыргызстанга мамлекеттик сапары. Андан кийин ал 31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын билдирген.
Кытайдын лидери Кыргызстанга буга чейин 2013-жылы жана 2019-жылы мамлекеттик сапар менен келгени белгилүү.
30-августта эки өлкөнүн лидерлери бейформал жолугушканын Кыргызстандын президентинин администрациясы кабарлады.
31-августта Садыр Жапаров Си Цзинпинди "Ынтымак Ордодо" кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.
Садыр Жапаров Кытай лидерине Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүү тууралуу чакыруусун кабыл алганына ыраазылык билдирди. Бул сапар Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына туш келгенин өзгөчө белгиледи. 31-август - Кыргызстан Эгемендик майрамын белгилеп жатат. Майрамды расмий белгилөө ШКУ саммитине байланыштуу сентябрга жылган.
Жапаров КЭРдин Тибет автоном районунда көп кишинин өлүмүнө алып келген суу ташкынына байланыштуу Си Цзинпинге жана кытай элине көңүл айтты.
Ал "Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук, ынак коңшулук жана өз ара ишеним мамилелерин мындан ары да чыңдоого өзгөчө маани берерин" белгиледи.
“Кыска тарыхый мезгилдин ичинде биздин алакалар жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүнкү күндө тарыхый жактан эң жогорку деңгээлде турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам”, - деген Садыр Жапаров Си Цзинпинди жана жалпы кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы, Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы беш жылдык планынын кабыл алынышы менен куттуктады.
“Алдыга коюлган максаттарга жетүүдө жана Коммунисттик партиянын борбордук жетектөөчү ролу менен күчтүү, заманбап жана гүлдөп-өнүккөн Кытайды курууда жаңы ийгиликтерди каалайм. Белгиленген максаттардын ийгиликтүү ишке ашырылышы мындан ары туруктуу өсүшкө жана Кытайдын сапаттуу модернизацияланышына өбөлгө түзөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем”, - деди ал.
Си Цзинпин Жапаров менен кайрадан жолугушуп жатканына жана жети жылдан кийин Бишкекке келгенине кубанычта экенин билдирди.
“Мен кайрадан Кыргызстанда турам жана өлкөңүздүн жетишкендиктерине жана кыргыз коомунун динамикалуу өнүгүүсүнө жеке өзүм күбө болдум. Кытай жакын коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары сиздердин ийгиликтериңиздерге чын жүрөктөн кубанат”, - деди ал.
Си Садыр Жапаровду жана жалпы Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми жарандарга бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.
Си Цзинпин кыргыз-кытай мамилелерине жогорку баа берип, саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана практикалык кызматташтыктын күч алып жатканын айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү Кыргызстан менен Кытай элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга гана өбөлгө түзбөстөн, бүткүл аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга олуттуу салым кошууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын тыкыр талкуулап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Айрыкча “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жүрүшүнө, “Бедел” өткөрмө пунктун мындан ары өнүктүрүүгө жана “Барскоон – Бедел” унаа жолун курууга көңүл бурулду. Бул стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын кыйла бекемдеп, транспорттук өз ара байланыштуулукту кеңейтип, Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда жаңы транспорттук-логистикалык коридорду түзөрү белгиленди.
Тараптар ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, энергетиканы өнүктүрүү, заманбап технологияларды колдонуу менен пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да ортого салышты.
Агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыкты тереңдетүүгө, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана экологиялык жактан кыргызстандык органикалык айыл чарба продукцияларын Кытай рыногуна жеткирүүнү кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.
Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары жасалма интеллект, санариптик кызматтар, электрондук соода, маалыматтарды иштетүү борборлорун куруу жана Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактарына алдыңкы технологиялык чечимдерди киргизүү белгиленди.
Мамлекет башчылары жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруудан конкреттүү жана сезилерлик натыйжаларды камсыз кылуунун зарылдыгын белгилешти.
Тараптар Си Цзинпиндин мамлекеттик сапары кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы дем берип, эки жактуу кызматташтыкты масштабдуу долбоорлорго, туруктуу өнүгүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган жаңы практикалык этапка өткөрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришкенин кыргыз президентинин администрациясы маалымдады.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 30дан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлганы расмий кабарланды.
Кыргызстандын президенттик администрациясы билдиргендей, Си Цзинпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болду.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуу;
- “Кытай – Борбордук Азия – Европа” багытындагы темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Электрондук соода жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- “Бедел” өткөрмө пунктун куруу жана аны техникалык жактан жабдуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө каттарды алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Ысык-Көл облусу менен Сицзан (Тибет) автоном районунун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;
- Ош облусу менен Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;
- Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандум.
- “Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө каттарды алмашуу;
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө биргелешкен билдирүү;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук башкармалыгынын) ортосунда шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Кытайдын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик администрациясы, SAMR/SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы;
- Кыргызстандан Кытайга жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоодо карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
- Кытайга экспорттолуучу термиттик иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияга коюлуучу талаптар жөнүндө Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
- Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
- Айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча 2027-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы;
- Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук комиссия менен Кытайдын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда этностук маселелер жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда 2026-2029-жылдарга маданият жаатындагы кызматташтык программасы;
- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2026-жылга адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык программасын биргелешип ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол;
- Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын Медиа корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Бишкек мамлекеттик университети менен Бээжин чет тилдер университетинин биргелешкен институту жөнүндө макулдашуу;
- Трансчек аралык банктар аралык төлөм системасынын катышуучуларын тейлөө жөнүндө макулдашуу.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга болжол менен 1,85 млрд доллар түз инвестиция тартылганын кыргыз-кытай инвестициялык форумунда билдирген. 2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган.
Макала толукталууда
Шерине