30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди “Манас” эл аралык аэропортунан ыр-күүнүн коштоосунда Садыр Жапаров тосуп алды.
Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилди. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.
“Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамблинин бийчилери тигилген боз үйлөрдүн фонунда көчмөн элдин салттуу жашоо образын чагылдырган кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты.
Кытай лидери буга чейин 2013 жана 2019-жылы мамлекеттик сапар менен келген.
31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга болжол менен 1,85 млрд доллар түз инвестиция тартылганын кыргыз-кытай инвестициялык форумунда билдирген.
2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган. (КЕ)
Шерине