Бишкекте 1-сентябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышуучу лидерлердин тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу 29-августта президенттин администрациясы маалымдады.
Аталган иш-чараларга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Мисирдин вице-премьер-министри Хусейн Иса катышат.
Булардан тышкары, эл аралык уюмдардан ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) башкы катчысы Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков жана башкалар келет.
Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге жана чечимдерге кол коюлат, ошондой эле мамлекет башчыларынын бир катар тематикалык билдирүүлөрү кабыл алынат.
“ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда БУУнун координациялоочу негизги ролун жана эл аралык укукту бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.
ШКУга учурда Кыргызстан төрагалык кылууда.
30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.
Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.(ZKo)
Шерине