Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Зеленский АКШ Москвадагы жолугушуулар тууралуу маалымат бергенин билдирди

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украин президенти Владимир Зеленский АКШ тарап Украинага Москвада жакында өткөн бир нече жолугушуу тууралуу маалымат бергенин билдирди.

Зеленский бул тууралуу 28-августтун кечинеде социалдык тармактардагы баракчаларына жазды, бирок ал АКШ кайсы жолугушуулар тууралуу маалымат бергенин тактаган жок.

Буга чейин Москвада АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Рэтклифф болгон. Орусия жана АКШ анын сапарын ырасташкан, бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну расмий түрдө толук ачыкталган эмес.

Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын (СВР) директору Сергей Нарышкин Москвада Рэтклифф менен жолукканын билдирген. Ал эми The New York Times өз булактарына таянып, ЦРУнун башчысы Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников менен да жолукканын жазган. Расмий маалымат боюнча, Рэтклифф Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан эмес.

АКШ жана Орусия Рэтклиффтин сапарын кадимки иштин бир бөлүгү катары мүнөздөшкөн. Маалымат каражаттарында ар кандай версиялар тарап, ал Орусияны НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бирине да кол салбоо тууралуу эскерткени Украина менен келишим түзүүгө чакырганы айтылган.

«Маалымат үчүн жана Орусия менен сүйлөшүүдөгү зарыл болгон позиция үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кадамдардын макулдашылганына жана Американын эмне кылуу керектиги боюнча реалдуу көз карашты карманып жатканына баа беребиз», — деп жазды Зеленский.

The New York Times АКШ менен Украинанын мамилеси татаалдашкан шартта ЦРУ Вашингтондун Киевге колдоосунун негизги каналдарынын бирине айланганын жазган. Американын курал-жарагын акысыз жеткирүү толук токтогону менен эки өлкөнүн чалгын маалымат менен алмашуусу уланып келатканы маалымдалган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG