Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде аянты 15 гектарды түзгөн жаңы рекреациялык парк пайдаланууга берилди.
Калаа мэриясы маалымдагандай, парк шаардагы эң ири жана заманбап эс алуу жайларынын бири болот, аймагы гүл менен көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган. Ошондой эле эстетикалык инсталляциялар жана декоративдүү жарыктандыруу орнотулган.
Үй-бүлөлүк парк деп аталган гүлбак шаар тургундары жана меймандары үчүн сейилдөө жана эс алуу жайы катары пайдаланылат.
28-август күнү парктын салтанаттуу ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган бир нече депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Спикер Маматалиев шаардагы инфраструктура калктын өсүшүнө жана заманбап талаптарга ылайык өнүгүшү керектигин белгиледи.
Ал эми Жанарбек Акаев президенттин колдоосу менен Ош шаарына 10 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөнүн, каражат Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоого жана калыбына келтирүүгө, шаардык инфраструктураны жаңылоого, жашылдандырууга жана коомдук жайларды көрктөндүрүүгө багытталганын билдирди.
Кыргызстандын Эгемендик майрамын утурлай Ош шаарында жаңы курулган жолдор да пайдаланууга берилүүдө.
Аз күн мурда Акаевдин Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу тууралуу айтканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк мэр айткан сөзүнө түшүндүрмө берип, Сулайман-Тоодо ЮНЕСКОнун талаптарын сактоо менен көрктөндүрүү аракети болорун билдирген. (ZKo)
Шерине