Орусия Украинадагы согушта ай сайын жаңыдан аскерге алынгандарга караганда бир нече миңге көп жоокерин жоготуп жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы 28-августта Батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрүнө таянып кабарлаганын Deutsche Welle жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Орусия күн сайын болжол менен 1 миң жаңы жоокерди аскерге тартууда. Бирок акыркы эки айда бул сан согушта каза болгондордун жана жараат алгандардын ордун толтурууга жетишсиз болуп жатат.
Басылманын маалымат булактарынын биринин айтымында, Орусиянын согуш талаасында жоготкон аскерлери менен жаңыдан тартылган жоокерлеринин ортосундагы айырма учурда айына болжол менен 6 миң адамды түзүүдө.
Батыш өкүлдөрү Орусиянын аскердеги чоң жоготууларын жаңы жоокерлерди тартуу аркылуу толтурууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жатканын өлкөнүн азыркы согуш тактикасынын себептеринин бири катары белгилешет.
Алардын айтымында, Москва Украинадагы жарандык инфраструктурага жана калктуу конуштарга соккуларды күчөтүп жатат, июль айынын башынан бери Орусия Украинага 360тан ашуун ракета учурду. Батыш өкүлдөрү Москва кыш мезгилинде Украинанын энергетикалык инфраструктурасын бутага алуу менен калктын моралдык духун түшүрүүгө аракет кылышы мүмкүн деп эсептейт.
Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Орусияда жаңы мобилизация жарыяланышы саясий жана экономикалык жактан олуттуу тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн деп эсептешет.
2022-жылдын күзүндө жарыяланган мобилизациядан кийин Орусиядан болжол менен 1 миллион адам чыгып кеткен. Алардын арасында жогорку квалификациялуу адистер да көп болгон.
Ошондой эле орус армиясы техника жана офицерлер жетишсиз болуп турган шартта мобилизация учурунда бир нече жүз миң жаңы аскерди кабыл алып, аларды камсыздай алабы деген суроо да ачык бойдон калууда, деп жазат The Guardian.
Шерине