Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

"Кыргызстан үчүн да мааниси чоң". Зангезур коридорунун келечеги талкууда

"Зангезур коридорунун" картасы.
"Зангезур коридорунун" картасы.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казакстанга TRIPP долбооруна акционер катары кирүүнү сунуштады. Армениянын түштүгү аркылуу өтө турган 43 чакырымдык транспорттук коридор Азербайжанды анын Нахчыван эксклавы менен байланыштырат. Ереван өзүнө тиешелүү үлүштөн 5% Казакстанга берүүгө даяр.

Баштапкы этапта Армения долбоорду АКШ менен биргеликте ишке ашырууда. TRIPP долбоору АКШнын ортомчулугу менен ишке ашырылууда. Бул долбоор Перс булуңу менен Кара деңиздин аймактарын темир жол аркылуу байланыштырууга мүмкүнчүлүк бере турган кеңири транспорттук маршруттун бир бөлүгү катары да каралып келет.

Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөшкөндө Казакстанга TRIPP (Trump Route for International Peace and Prosperity) долбоорунан үлүш берүү сунушун билдирген.

“Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, Пашинян жергиликтүү журналисттер менен сүйлөшкөндө бул маселени казак президенти менен талкуулаганын ырастады.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

“Казакстан жана TRIPP долбоорун алсак, бул маселе талкууланды. Азыр ар түрдүү өлкөлөр долбоорго кызыкдарлыгын көрсөтүп жатышат жана, албетте, биз мындай кызыгууга кубанычтабыз”, - деген Пашинян "Азаттыктын" кабарчысынын берген суроосуна.

Арийне, Пашиняндын билдирүүсүндө Бишкек тууралуу сөз кездешпейт. Ал эми казак президентинин сайтында 24-августта Никол Пашинян менен болгон телефондук сүйлөшүүдө ал тема козголгону ачык кабарланган эмес.

“Баарлашууда биргелешкен соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалып, эки жактуу кызматташтыктын азыркы абалы менен келечеги талкууланды” – деп жазылган Акордонун кабарында.

Зангезур коридору - Азербайжандын негизги аймагын Армениянын түштүгүндөгү Сюник облусу аркылуу Нахчыван Автономиялуу Республикасы менен байланыштырууну көздөгөн транспорттук долбоор. Баку Сюник облусун тарыхый аталышы менен Зангезур деп атайт. Коридордун узундугу болжол менен 43 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында автомобиль жана темир жол каттамдарын куруу пландалган. Бул маселе 2020-жылы Тоолуу Карабактагы согуштан кийин өзгөчө актуалдуу боло баштаган. Азербайжан бул жол өлкөнүн негизги бөлүгү менен Нахчывандын ортосунда түз байланыш түзөрүн белгилесе, Армения коридор өзүнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбеши керек деген позицияны билдирген. 2025-жылдын 8-августунда Вашингтондо АКШнын ортомчулугу менен Армения менен Азербайжан тынчтык декларациясына кол коюшкан. Анын алкагында Зангезур коридору боюнча долбоор TRIPP (Trump Route for International Peace and Prosperity) жарыяланган. Долбоор ишке ашса Азербайжан, Түркия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташуу убактысы кыскарып, Түштүк Кавказ аркылуу өткөн эл аралык транспорттук каттамдардын мааниси жогорулайт. Бул маршрут Ортоңку транспорттук коридордун (Middle Corridor) бир бөлүгү катары да каралат. Зангезур коридору учурда Түштүк Кавказдагы эң маанилүү геосаясий жана экономикалык долбоорлордун бири болуп саналат, анткени Азербайжан, Армения, Түркия, Орусия, Иран жана башка эл аралык оюнчулардын кызыкчылыктары байланышкан.

Кыргызстан үчүн да мааниси жогору

Кыргызстан TRIPP долбооруна катышуу Евразия алкагында транспорттук жана соода байланыштарын кеңейтүүдө кызыкдар болушу мүмкүн. Кыргыз бийлигинен долбоорго акционер болуу маселеси тууралуу расмий маалымат чыга элек. Сунуш тууралуу маалыматтын Бишкекке тийиштүү бөлүгү өкмөттүк булактардан ырасталган жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги долбоор боюнча расмий сунуш келбегенин билдирди. Экономика жана коммерция министрлиги да долбоорго катышуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев болсо мындай маалыматтан кабарсыз экенин айтты.

"Маалыматым жок экен бул маселе тууралуу", - деди өкмөттүн өкүлү "Азаттыка".

Быйыл июнда түзүлгөн армян-америка келишими боюнча АКШ өкмөтү коридорду куруу үчүн түзүлгөн биргелешкен компанияда 74% үлүшкө ээлик кылат. Компания TRIPP долбоорун түзүү үчүн “жерди колдонууга өзгөчө укукка, курулуш укугуна, тийиштүү уруксатка жана башка бардык укуктарга” ээ болору жазылган. Армениянын өкмөтүнө TRIPP Development Company’деги (TDC) калган 26% үлүш тийет.

Еревандан ырасталган маалыматтарда Армения долбоордогу өз үлүшүнүн эсебинен Казакстан менен Кыргызстанга 5% үлүш бергенге даяр экени белгиленүүдө. Мындай болгондо Астана менен Бишкек жаңы транспорттук каттамдын колдонуучусу эле эмес, долбоордун түз катышуучусу да болуп калмакчы.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов «Азаттык» үналгысына курган маегинде долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун логикалык уландысы катары мааниси жогору экенин айтып берди.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Бул боюнча конкреттүү иш жүрүп атат – [АКШ] 300 млн доллар бөлүп беришти. Ал жерде темир жол курулушу керек. Ал Азербайжан мамлекетинин талабы боюнча болуп атат. Албетте, биздин темир жолубуз Бакуга барып, бизге да Түркияга түздөн-түз жол ачылат. Бирок, андан тышкары, билесиздер, ал жерде армян эли, армян ишкерлери дагы өтө өнүккөн. Алар ал жерде чоң дата-борборлорду, логистикалык борборлорду куруп атышат. Биз үчүн бул өтө маанилүү. Жаңы мүмкүнчүлүк”.

TRIPP долбоору Азербайжандын негизги аймагы менен Нахчыван Автоном Республикасын Армения аркылуу бириктирген 43 чакырым коридор. Ал тилкеден унаа жана темир жол өтөт. Былтыр Нахчывандан Түркияга чейинки 224 чакырым темир жолдун курулушу башталган. Коридор Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы каттамды 343 чакырымга кыскартары, Грузия аркылуу өткөн жолго караганда бир күндүк убакытты үнөмдөрү эсептелген.

Экономика жана коммерция министрлиги «Зангезур коридорунун» Кыргызстан үчүн мааниси тууралуу аналитикалык документ даярдаган. Анда мындай деп жазылган:

«Коридордун экономикалык мааниси Кыргызстан үчүн баарынан да Европа менен Кытайдын ортосундагы транзиттик ролун бекемдөө жана транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө жатат. Түркия аркылуу өткөн кыска жолдор менен Европа рынокторуна чыккан транспорттук багыттарды диверсификациялоо, Кыргызстандын экономикасынын Казакстан менен Орусия аркылуу транзиттик жүк ташуудагы көз карандылыгын азайтуу да маанилүү. Долбоор Кыргызстан үчүн Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана аймактык байланыштарды бекемдейт. Жалпысынан, «Зангезур коридору» келечекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маанилүү тилкеси болуп калат».

2025-жылдын башынан тартып Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган. Наркы беш миллиард долларга чукул турган бул долбоор Кытайдан чыгып, Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга, андан ары Каспий деңизи жана Иран аркылуу Азербайжанга жетет. Азербайжандан Түркияга барган жол «Зангезур коридору» же TRIPP долбоору деп аталат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG