АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Индиядан кайтып келатып, Ереванга кыска убакытка токтоду. Ал баш калаага кирбестен, Звартноц аэропортунда Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолукту. Ошол эле жерден эки өлкөнүн башкы дипломаттары стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшту.
"Бүгүн стратегиялык өнөктөштүк хартиясын жаңылап жатканда АКШ менен Армениянын эки тараптуу мамилелеринин келечегин белгилеп, армяндар жана америкалыктар үчүн өнөктөштүк менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы жолун ачып жатабыз” - деди АКШнын мамлекеттик катчысы.
Андан тышкары тараптар минералдар боюнча келишимге жана Армениянын түштүгү аркылуу өтө турган 43 чакырымдык транспорттук коридор боюнча кызматташуу макулдашуусуна кол коюшту. Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү маршруту же TRIPP деп аталган бул коридор Азербайжанды анын Нахчыван эксклавы менен байланыштырат.
Ошол эле учурда бул каттам Орусия менен Иранды айланып өтүп, чыгыш–батыш багытындагы жаңы соода жолун ачат.
Бул транзиттик маршрут 2025-жылдын августунда Вашингтондо Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин ортосунда АКШнын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү болуп саналат.
"Бул келишим ушул тарыхый маршрутту ишке ашыруудагы эң чоң кадам болуп калды. Ал тынчтыкты алдыга жылдырууга жана Арменияда, чынын айтканда жалпы аймакта гүлдөп өнүгүүнү күчөтүүгө багытталган" - деди Рубио.
Буга чейин TRIPP Development Company (TDC) аттуу жаңы компания түзүлөрү маалым болгон. Бул компания долбоордун алгачкы темир жол жана автоунаа жол бөлүктөрүн куруу менен алектенет. Алгачкы 49 жыл ичинде компаниядагы көзөмөл пакети 74% АКШга таандык болот. Эгер долбоордун мөөнөтү узартылса кийинки 50 жылда Американын үлүшү 51% түшөт.
Толук ишке берилгенден кийин TRIPP Азербайжандагы, Нахчывандагы жана Түркиядагы башка өнүгүп жаткан инфраструктуралык долбоорлор менен байланыша турган болуп, Орусияны айланып өткөн, Кытайды Борбор Азия жана Кавказ аркылуу Европа менен туташтырган узундугу 6500 чакырымга жеткен Орто коридордун маанилүү түйүндөрүнүн бири катары кызмат кылат.
TRIPP ошондой эле Грузияны айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Ереван Вашингтон менен жакындашып жатканын баса белгилөө үчүн колдонду.
“Эки тараптуу күн тартибиндеги тез-тез жана туруктуу өнүгүүлөрдү эске алганда, биз тарыхта болуп көрбөгөн жаңы этапка кирдик десек аша чапкандык болбойт”, - деди ал.
Март айында Ереванга АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс барган.
АКШ Никол Пашинянды колдоду
Арменияда эки аптадан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Анда премьер-министр Никол Пашиняндын Батыш менен жакындашууга умтулган “Жарандык келишим” партиясы жана орусиячыл деп саналган бир катар оппозициялык партиялар ат салышат.
Мамдепартаменттин башчысы алдыдагы парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Никол Пашинянды колдой турганын кошумчалады.
Пашинян 2018-жылы коррупцияга каршы көчө нааразылыктарынын негизинде бийликке келген. Ал 7-июнда өтө турган шайлоодо кайра шайланууга аракет кылып жатат. Ошол эле учурда Арменияны Орусиядан алыстатып, Батышка ыктоо саясатын жүргүзүүдө.
Май айынын башында Ереванда 40тай лидердин катышуусунда Евробиримдик-Армения саммити өткөн. Ага Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин дагы катышканы Москванын кыжырын келтирген.
Рубионун сапарынан бир күн мурун Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Армения Орусиядан алыстаса, азыркы учурда орус энергиясына көз каранды болгон өлкө “орус газына өтө пайдалуу жана өзгөчө жеңилдетилген баадан” ажырашы мүмкүн экенин айткан.
Путиндин эскертүүсү
13-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян май айынын соңунда өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин саммитине бара албастыгын билдирип, анын себебин парламенттик шайлоого байланыштуу иштин көптүгү менен түшүндүргөн. Серепчилер Пашиняндын баш тартуусун орус президентинин соңку айтканына байланыштырат. Владимир Путин 9-майда Москвадагы параддан кийинки маалымат жыйынында Армениянын Евробиримдикке кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгуу маселесин жалпы референдумда эл чечиши керектигин айтып, Ереванды мындай добуш берүүнү мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүгө чакырган. Ошондой эле ал кыйыр түрдө Арменияны «чектен чыкпоого» жана Украинанын жолун кайталабоого үндөгөн.
"Мунун баары кийин мамлекеттик төңкөрүшкө, Крым окуясына, Украинанын түштүк-чыгышындагы позицияга жана согуш аракеттерине алып келди. Бул олуттуу маселе. Ошондуктан чектен чыкпаш керек, эмне кыла турганыңды убагында так айтып коюу зарыл. Бул жерде өзгөчө эч нерсе жок. Баарын эсептеп чыгыш керек. Армян тарабы да, биз да эсептешибиз керек. Азыр жооп берип жатып ойлонуп жатам. Бул маселени ЕврАзЭСтин кийинки саммитинде деле көтөрсө болот эле", - деген Путин.
Армениянын өкмөт башчысы Москвадагы парадга да, Астанадагы саммитке да катышпай турганын Путинге 1-апрелде эле билдиргенин айтты. Ал Орусиянын кызыкчылыктарына зыян келтирүү ниети жок экенин жана Москва менен мамилени өнүктүрүүнү улантарын кошумчалады. Ал эми референдум өткөрүү, ЕАЭБден чыгуу жана Путин айткандай Москва менен «жумшак ажырашуу» тууралуу буларды айтты:
«Азырынча мындай зарылчылык жарала элек, андыктан мындай маселени көтөрүүнү пландабайбыз. Референдум болсо объективдүү зарылдык пайда болгондо өткөрүлөт. Мен “ажырашуу” деген түшүнүккө да макул эмесмин. Улуттук жыйында да айткам, кээде мамлекеттер аралык мамилелерди "нике тургандай" кабыл алып алабыз».
Эксперттер Путиндин билдирүүлөрү түздөн-түз коркутуу катары угуларын белгилешет.
"Ооба, ал түз эле коркутуп жатат. Бул сөздөр Путиндин Армениядагы проксилерине берилген көрсөтмө. Тилекке каршы, алар Армениядагы шайлоо жараянынын бир бөлүгү болуп саналат жана өлкө ичинде орус саясатын жайылтып жатышат. Орусия Арменияга каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согушта алар Армения Республикасынын каршы тарабында туруп атышууда. Бул ошол күчтөргө берилген түз көрсөтмө болду", - деди саясат таануучу Рубен Меграбян.
7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Пашинян шайлоого өзүнүн «Жарандык келишим» партиясынын башында барат. Анын шайлоо өнөктүгү өлкөнүн азыркы эл аралык таанылган чек араларында жашоо идеясынын айланасында курулган. Анын оппоненттери премьер-министрди согуштагы жеңилүүгө, Бакуга берилген жеңилдиктерге жана Москва менен мамилени бузганы үчүн айыптап келишет.
Пашиняндын бир нече негизги атаандашы бар. Алардын бири орус-армян миллиардери Самвел Карапетянга байланышкан «Күчтүү Армения» блогу. Байлыгын Орусияда топтогон Карапетян Москва менен жакын мамилени калыбына келтирүүнү жактайт. Учурда ал "бийликти мыйзамсыз басып алууга ачык чакырык жасоо" жана "акча адалдоо" боюнча айыптар камтылган иштин алкагында үй камагында отурат.
Шерине