Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Көчмөндөр оюндарына расмий делегациялардын келүүсүнө байланыштуу Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым тилкелеринде 30-августтан 6-сентябрга чейин жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертти.
Бишкек шаарында “Манас” эл аралык аэропортунан жана Васильев трактындагы каттамдарда, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде кыймыл убактылуу чектелет.
Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобил жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет.
Ысык-Көл облусунда да айрым автомобил жолдорунун тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына баруучу жолдо кыймыл убактылуу чектелет.
Ички иштер министрлиги өлкөнүн тургундарынан жана конокторунан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, жол кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт. Мындан улам жолдо жүрүү убактысынын узарышына жана унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Жарандарга жүрүү маршруттарын алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдалануу сунушталат.
ШКУга учурда Кыргызстан төрагалык кылууда.
30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.
Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт. (КЕ)
Шерине