Садыр Жапаров менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасынын сүйлөшүүсү "Ынтымак Ордодо" 31-августта өттү.
Сүйлөшүү бир сааттан ашык созулуп, негизинен кыргыз-кытай алакасын чыңдоого арналды.
Тараптар саясий ишенимдин бийик деңгээлин, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол жана ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.
Анда эки өлкөнүн өнүгүү стратегияларын айкалыштыруу, "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында кызматташуу, мамлекеттик башкаруу тажрыйбасын алмашуу жана ШКУ алкагында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
“Кыска тарыхый мезгилдин ичинде биздин алакалар жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүнкү күндө тарыхый жактан эң жогорку деңгээлде турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Си Цзинпин кыргыз-кытай мамилелерине жогорку баа берип, саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана практикалык кызматташтык күч алып жатканын айтты. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгы бүткүл аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.
Мындан кийин тараптар Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына ж.б. бир катар документтерге кол коюшту.
Шерине