Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,5 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы.

Кыргыз өкмөтү 9,5 миллиард доллардан ашкан мамлекеттик карыз өнүгүүгө жумшалып жатканын айтып, кооптонууга негиз жоктугун билдирип келет. Ошентсе да, коомдо алынган карыздарды натыйжалуу пайдаланууга байланыштуу маселе көтөргөндөр аз эмес.

Жалпы көлөмү 9,8 млрд долларга жеткен мамлекеттик карыздын үстүнө алдыдагы үч жылда дагы 1,3 млрд доллардан ашуун насыя кошулушу мүмкүн.

Кытайдан 305 млн доллар насыя

Кыргыз өкмөтү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу үчүн Бээжинден 305 млн доллар насыя алганы жатат. Алкактык келишимди майдын ортосунда Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп берген.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев насыя Кыргызстандын долбоордогу үлүшүнүн жарымын каржылоого алынып жатканын билдирди.

“Бул ошол 24,5%дын жарымын Кыргыз Республикасынын бюджетинен каржылоо каралган. Ал эми экинчи жарымын ошол 2 млрд 75 млн юань – бул болжол менен 305 млн долларды түзөт, ошол өлчөмгө бүгүнкү кароого киргизилген келишимдин алкагында болот. Насыянын мөөнөтү 25 жылды түзөт, мунун ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил бар. Пайыздык чен жылына 1,5%ды түзөт. Насыянын шарттары Кытай Эл Республикасынын өкмөтү тарабынан 730 млн юань (болжол менен 107 млн доллар) насыя боюнча пайыздык ченди субсидиялоону карайт”.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Тургунбаев насыя боюнча келишимди түзүүгө Кытай өкмөтү түрткү (стимул) берип жатканын билдирди.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бюджети 5 млрд доллар деп эсептелген. Анын ичинен Кыргызстандын аймагынан өткөн бөлүгүнө 4,7 млрд доллар сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн катышуусунда биргелешкен ишкана түзүлгөн. Биргелешкен ишкана насыя тартып, бюджеттин жарымын жабат. Калган жарымынын 51% Кытай берсе, Бишкек менен Ташкенттин үлүшүнө 24,5%дан тийет.

Дүйнөлүк банктан миллиард доллар насыя

Бишкек муну менен катар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алдыдагы үч жылга бир миллиард доллардан ашуун (1 млрд 26,8 млн) доллар каражат алып жатканы маалым. Анын 3%ы (32,7 млн доллар) грант, калганы 1,5%дык үстөктүү насыя болуп эсептелет.

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов каражат “2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын” ишке ашырууга багытталарын билдирген.

“Алкактык макулдашуунун жалпы суммасы 1 млрд 26 млн 760 миң долларды түзөт. Анын ичинде 32,7 млн доллары гранттар жана 994 млн доллары жеңилдетилген насыя. Насыя 25 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгили. Үстөгү 1,5%дык ченемди түзөт. Жалпысынан бул каражаттар төмөнкү багыттарга каралган: экономиканы колдоого 400 млн доллар, бул жеке секторду кодоого жумшалат. Энергетика тармагына 362,7 млн доллар, бул ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору. Сугат суу жана таза суу менен камсыздоо тармагына 180,2 млн доллар жана санариптештирүү долбооруна 61 млн доллар жумшалат”.

Энергетика тармагына делген каражаттын 250 млн доллары “Камбар-Ата-1 ГЭСине багытталат. Дүйнөлүк банк ал долбоорго убадалаган 500 млн доллар насыянын жарымын быйыл, калганын 2028-жылы бермей болууда.

Жогорку Кеңеш жылдын башында дагы 100 млн доллардан ашуун насыялык келишимди ратификациялаган. Финансы министрлиги ал каражат бюджетти колдоого алынганын билдирген.

Мамлекеттик карыз улам өсүп барат

Финансы министрлигинин эсебинде, Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жыл ичинде 47,7%га өсүп, марттын соңуна карата 9,8 млрд доллардан ашты. 2025-жылдын мартынан бери 3,1 млрд доллар карыз алынды. Түзүлүп жаткан жаңы макулдашууларга караганда, карыздын көлөмү алдыда дагы өсө бермекчи.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев карыз алууда экономикалык долбоорлорго көбүрөөк басым жасалып, калктын саламаттыгы сыяктуу турмуштук көйгөйлөрү четте калып жатканын айтат.

“Албетте, энергетикага, санариптештирүүгө, бюджетти колдоого алып жатканыбыз жакшы. Бирок, менде бир өтүнүч бар – саламаттык сактоого да көңүл бургула. Биз нур терапиясына жабдык ала албай жатабыз. Өлкөбүздө мында көйгөйлөр миллиондоп саналарын, өтө көп экенин түшүнөм. Бирок, акчаны аябай, атүгүл насыя алып болсо да алсак жакшы болмок. Адамдар ошол жабдык жок болгону же бузулуп калганы үчүн эле онкологиялык илдеттен каза болуп кете бербеши керек. Бул биздин өлкөдө абдан чоң көйгөй болууда. Онкоилдеттер улам көбөйгөндөн-көбөйүп барат. Эртең эле ар бирибиз же жакындарыбыз ооруп калышы мүмкүн. Кудай сактасын, албетте, бирок мындан эч ким кутула албайт. Ошондуктан, ушуга көңүл бурушуңарды абдан суранам. Мындай ири долбоорлорду мен, албетте, колдойм, аларды ишке ашырыш керек. Бирок, чыныгы адамдык көйгөйлөрдү да чечиш керек”.

Мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыз өзгөчө тездик менен өсүп барат. 2025-жылдын мартында 2,2 млрд доллар болгон ички карыз бир жыл ичинде эки эседен ашык өсүп 4,6 млрд долларга жетти. Улуттук валютада бул 398 млрд сомдон ашат. Мындан улам, ички карыздын көлөмү жалпы мамлекеттик карыздын жарымына жакындады (47%). Ички булактардан каражат тартуу үчүн өкмөт соңку жылдары мамлекеттик баалуу кагаздарды өзгөчө жигердүү чыгарып келет.

Эксперттер белгилегендей, ички булактардан карыз алуу финансы рыногун өнүктүрүүгө жардам берет. Бирок, бул жергиликтүү банктар менен инвестициялык фонддордун каражатын мамлекеттик капчыкка буруп кетип жаткандыктан, ички рыноктогу акча сунушун чектеп коюшу мүмкүн. Ал өз кезегинде бизнес жана калк үчүн альтернативдүү каражаттын жеткиликтүүлүгүн азайтат.

Улам көбүрөөк суммада кайтарылып келатканына карабай, тышкы карыз дагы барган сайын өсүп барат. 2025-жылдын мартынан берки бир жылда үстүнө 700 млн доллардан ашуун кошулду. Мурда 0,5 же 07% менен алынчу тышкы насыялар соңку кездери кымбатыраак үстөк менен (1,5%) алына баштаган. Финансы министрлиги Кыргызстандын экономикасы улам кубат алып, насыялык рейтинги жакшырып бараткандыктан, эл аралык финансылык институттар карыз берүүдөгү талабын өзгөрткөнүн билдирүүдө.

Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова мамлекеттик карызды максаттуу иштетсе, андан кооптонууга негиз болбой турганын эске салат.

“Биринчиден, карыздын номиналдык өсүшүн өзүнчө эмес, экономиканын көлөмүнө салыштыруу керек. Бүгүнкү күндө карыз ички дүң продукциянын 30%ын түзөт. Ал эми мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясы боюнча, чектик ченем 60%ды түзөт. Демек, расмий критерий боюнча азырынча кооптуу деңгээлде эмеспиз. Бирок, мен ойлойм, маанилүүсү карыз эмнеге жумшалат деген суроо болуш керек. Эгер карыз өндүрүштү, жолдорду, энергетиканы өнүктүрүп, келечекте киреше алып келсе, анда бул жакшы карыз. Эгерде агымдын чыгымдарын жабууга кетсе, анда биз эртеңки күндүн эсебинен бүгүн жашап жатабыз дегенди билдирет. Ошон үчүн мен үчүн негизги суроо – карыз канча эмес, ал кантип иштеп жатат деген суроо".

Кытайдын карыз берүүдөгү тажрыйбасы

Евразия экономикалык комиссиясынын статистикасына карасак, уюмдун ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өсүү темпи эң жогору болууда.

Эл аралык эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү (өзгөчө Кыргызстан) соңку жылдары Кытайдан мамлекеттик карыз алууну азайткандай түр көрсөткөнү менен, башка форматтагы кытай насыялары (жеке банктар менен корпорациялар, өкмөтүнө байланыштуу компаниялар ж.б.) ар кандай деңгээлдеги долбоорлор аркылуу көп кирип жатканын белгилешүүдө. Бул мамлекеттик карызды формалдуу өстүрбөгөнү менен өкмөттөрдүн Бээжинге көз карандылыгын күчөтөрүн айтышат.

Кыргызстанда, чынында эле, соңку жылдары Кытай компаниялары же инвесторлору катышкан долбоорлор көбөйүүдө. Тоо-кен, энергетика, жол куруу сыяктуу ири инфратүзүмдүк долбоорлордон тарта бүтүндөй шаар же логистикалык борборлорго чейин куруп жаткан кытай компаниялары ондоп саналат.

Бул, албетте, Кыргызстандын инвестициялык ачыктыгынын бир көрүнүшү катары сыпатталат. Арийне, инвестициялык долбоорлордун шарттарынын ачык эместиги коомдогу кооптонууга жем таштап келет.

Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова соңку кездери Кыргызстанга келип, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып жаткан Кытай инвесторлорунун көбөйгөнүн байкап атканын айтат. Бирок, мындай тенденция Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн бардык жагында жүрүп жаткандыктан, аны инвестициялык ачыктыктын өңүтүнөн кароо туура болорун белгилейт.

“Бул Кытайдын расмий өкмөтүнүн түздөн-түз долбоорлору деп айта албайбыз. Мисалы, мындай да, Кытай өкмөтүндө абдан көп ресурстар бар. Дүйнөдө биринчи-экинчи орунду ээлеген резервдерди кармаган улуттук банкы бар эмеспи. Кытайда өздөрүнүн ишкерлерин колдой турган абдан көп программалары бар. Мисалы, экспортко чыкса аларга Кытай өкмөтү тарабынан көптөгөн жеңилдиктер берилет. Мамлекеттик компаниялары дагы, жеке компаниялары дагы Кытайдын аймагында гана эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде өздөрүн инвестор катары көрсөтүп жүрөт. Ооба, келип атышат. Алар келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин ишкерлер өнөктөш болуп атат. Базарда ушундай да, ким кандай шарт түзүп берсе, мүмкүн алар арзаныраак ресурстарды берип аткандыр. Чын эле мен көрүп атам, курулушта да, кен-байлыктарды казган жакта да ар кайсы сегменттерге кирип атышат”.

Тажрыйба көрсөтүп тургандай, Бээжиндин насыясы менен инвестициясы көп учурда карыз алуучу өлкөгө толук кандуу түшпөйт. Каражат өз ара чырмалышкан схема аркылуу айланат. Кытай банктары насыяны берет, буйрутманы аларга байланыштуу подрядчылары алат, материал менен техниканы көп учурда Кытай заводдору жеткирип берет, жумуштун кымбат бөлүгүн өздөрүнүн инженерлери менен адистери аткарат.

Ушинтип, каржылык агымдын олуттуу бөлүгү Кытайга кайра кайтарылып кетет. Карызкор өлкөгө инфратүзүмдүк объект менен милдеттеме калат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG