Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

Кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш суусуна көпүрө курулат

Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин 31-августта, "Ынтымак Ордодогу" жолугушуусу. 2026-жыл
Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин 31-августта, "Ынтымак Ордодогу" жолугушуусу. 2026-жыл

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш суусуна автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин 31-августта, "Ынтымак Ордодо" жолугуп, бир сааттан ашык сүйлөштү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы “Бедел” өткөрмө пунктун өнүктүрүүгө жана “Барскоон – Бедел” автоунаа жолун курууга көңүл бурулгану белгилүү болду.

"Бул стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын кыйла бекемдеп, транспорттук өз ара байланыштуулукту кеңейтип, Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда жаңы транспорттук-логистикалык коридорду түзөрү белгиленди", - деп билдирди президенттин администрациясы.

Барскоон – Бедел автоунаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырым. Андагы курулуш иштери 2025-жылдын 26-августунда башталган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү беш жыл. Планга ылайык, жолду 2030-жылы толук пайдаланууга берүү пландалууда.

Быйыл апрель айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мекемеси түзүлгөн.

Дирекция Барскоон – Бедел автоунаа жолун куруу долбоорун жалпы башкарып, ишке ашырууну координациялайт, каржылык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат жана социалдык, экологиялык, техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG