50 жылдык мөөнөт маселеси коомчулукта талкууга түшүп, сынга алгандар да болууда.
Өкмөттүн коомдук талкууга койгон долбоорунда жер тилкелерин инвесторлорго берүү жол-жобосун жөнөкөйлөткөн нормалар кошулган. Маселен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жерди ижарага берүү укугу кеңейтилүүдө. Мындан тышкары ал жерди күрөөгө коюу мүмкүнчүлүгү да такталган.
Президенттин тапшырмасы менен улуттун инвестициялык жана мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөм менен убактылуу пайдаланууга берүү да кошулган.
“Сунушталган өзгөртүүнү кабыл алуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- эл аралык жана мамлекеттик инвестициялык келишимдердин алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
- мындай долбоорлордун укуктук корголушун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга;
- узак мөөнөттүү каржылоону, анын ичинде эл аралык финансы институттарын тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө;
- Жобону колдонууда орун алган укуктук коллизияларды жана белгисиздиктерди четтетүүгө”.
2019-жылы кабыл алынган бул жобо Кыргызстандагы мамлекеттик менчикте турган жерлерди мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.
Кыргыз өкмөтү өлкөгө инвестор тартуу үчүн бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө. Маселен, Ысык-Көлгө “Тамчы” инвестициялык аймагын түзүү, “Асман” шаарын куруу жана бир катар чоң долбоорлорду алып барууда. Мындай аракеттин фонунда 2024-жылы чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган.
Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин” түшүндүрүшкөн.
Эми өкмөттүн токтом долбоорундагы 50 жылга ижарага берүү маселесине коомчулуктун көңүлү бурулууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буларга токтолду:
“Чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга колдонууга берилет деп турат. Бул жеке менчикке эмес, андайга Конституция жол бербейт. 50 жыл чынында өтө эле көп. Жок дегенде 20-25 жыл кылсак, жетиштүү болмок. Ошол эле учурда айрым инвесторлор “биз завод салабыз, аны эч жерге көчүрүп кете албайбыз” деп, узак мөөнөттүү уруксат сурашат. Ошол шартка гана макул болушат”.
Кыргыз өкмөтүнүн инвестиция тартууга ыңгайлуу шарт түзүү аракети айрым учурда коомчулуктун сынына кабылып келет. Маселен, 2019-жылы Ат-Башыга логистикалык борбор куруу долбоору жергиликтүүлөрдүн каршылыгынан улам ишке ашпай калган. Кийин бийлик эл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, долбоорду жүзөгө ашырмай болгон.
Соңку учурда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, бир катар энергетикалык долбоорлор жана башка курулуштар үчүн чет өлкөдөн тартылган жумушчулардын саны көбөйгөнү боюнча да коомчулукта пикир бир кылка эмес. Өкмөт тыштан келген эмгек мигранттары мыйзамга ылайык тыкыр текшерилип турганын улам кайталап келет.
Жерди убактылуу пайдаланууга берүү маселесинде да коомчулуктун пикири эске алынышы керек дегендер бар. Экономист Элдар Абакиров жерди пайдаланууга берүү маселеси боюнча сунушун ортого салды.
“Бул жерде кошуна өлкө маселеси турат. Мен мындай нерсе сунуштайм. Эгер кошуна өлкөдөн бирөө жер сатып алып жатса, ал жерде жергиликтүү жарандын 20% кем эмес үлүшү болушу керек дегендей талап киргизүү керек. Малайзияда, араб өлкөлөрүндө ушундай талап бар. Ошондой эле жашыл китеп боюнча маселе пайда болду. Чет элдик жаранга жер сатып жатканда мурун жашыл китеп берилчү. Азыр жаңы Жер кодексине ылайык, жашыл же кызыл китеп деген жокко чыкканы үчүн бул жагдай так жазылбайт экен. Мамлекеттик жер болсо, аны 49 жылга ижарага берет. Ал эми жеке жаран жерин сатса, аны ижарага ким берип жатат деген суроо турат. Жаран саткандан кийин аны менен иши деле болбойт да. Бул боюнча тиешелүү мекемелерде эч кандай иш болбой эле. Кайра каттоо иштери кызыл китепти каттагандай эле болуп атат".
Сөз болуп жаткан жерди пайдаланууга берүү жөнүндө жобо биринчи ирет 1998-жылы кабыл алынып, 2004-жылы жаңыланган. 2019-жылы өкмөттүн токтому менен жобонун жаңы редакциясы кабыл алынып, мурдагылары күчүн жоготкон. 2019-жылдан 2026-жылга чейин жобого 20дан ашык өзгөртүү киргизилген.
Шерине