Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

"Тамчы" инвестициялык долбоору: жаңы мүмкүнчүлүкпү же чоң жоопкерчиликпи?

 “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы.
“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы.

Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы өткөн аптада ачылды. Долбоорду ишке ашыруудан 2035-жылга чейин аталган инвестициялык аймакта 3900дөн ашуун резидент-компания иштери, 10 миңден ашык жаңы жумуш оруну түзүлөрү күтүлүүдө.

Иш-чараны ачып жатып президент Жапаров бул аймак аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болорун белгиледи. Тамчы айылынын жанында жайгашкан борбордун аймагында заманбап бизнес-борбор иштеп жатат. Учурда мейманкана комплекстери жана турак жай объектилери курулууда. Ага жакын жерде “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайгашкан. Бул жердин жалпы аймагы болжол менен 6 миң гектарды түзөт. Иш жүзүндө кандай болот? "Тамчы" аймагы тууралуу түшүндүрөбүз.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Тамчы айылы жакынкы жылдары өлкөнүн эң ири инвестициялык долбоорлорунун бири катары каралып жатат. Бул жерде атайын финансылык-инвестициялык аймак түзүү демилгеси көтөрүлүп, аны эл аралык капиталды тарткан, заманбап бизнес жана каржы борборуна айлантуу максаты коюлууда.

3-июль күнү аймакты расмий ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров кыргыз өкмөтү долбоорду беш жылдан бери дыкат талдап, дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды иликтеп, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча эсептөөлөрдү жүргүзгөнүн айтты.

“Инвесторлор үчүн “Тамчы” инвестициялык аймагы укуктук кепилдиктерди түшүнүктүү, так тартип эрежелерди, узакка иштей турган ишенимдүү системаны өздөштүрө турган аймакка айланат. Анда банктык, инвестициялык, брокердик, фонддук, санариптик финансылык сервистерди, камсыздандырууну, активдерди башкарууну, инвестициялык фонддорду, трасттарды жана башка заманбап багыттарды өнүктүрүүгө шарттар түзүлөт. “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагында коммерциялык жана инвестициялык талаштарды калыс кароого багытталган, бейтарап, ишенимдүү жана эл аралык деңгээлде таанылган Англис укугунун негизинде иштеген эл аралык борбордун түзүлүшү да өзгөчө мааниге ээ. Мындай маанилүү кадам аталган долбоорго болгон ишенимди күчөтүп, “Тамчынын” укуктук архитектурасын негизги атаандаштык артыкчылыктарынын бирине айланат”.

Резиденттер үчүн 49 жылдык мөөнөткө киреше салыгы, дивиденддерге салык, капиталдын өсүшүнө салык жана кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча нөлдүк салык режими каралган. Тагыраагы, салыктан бошотулат. Ошондой эле компанияларга чет элдик жарандардын 100 пайыз ээлик кылуусуна жана алынган пайданы эркин сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берилген.

Тамчы айылынын жанында заманбап бизнес-борбор иштеп жатат. Учурда мейманкана комплекстери жана турак жай объектилери курулууда. Документтерге ылайык, “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көл районунун Шайыбек-Ата жана Торуайгыр-Тамчы айыл аймактарындагы (Чолпон-Атадан Тору-Айгырга чейинки аралыкта) 6 миң гектардай болгон төрт жер тилкесинен турат. Бул мейкиндикте "Ысык-Көл" эл аралык аба майданы менен жаңы курулуп жаткан "Асман" экологиялык шаары да жайгашкан.

Мыйзамга ылайык, “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын Башкаруу кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына Юстиция министри Аяз Баетов, орун басарлыгына экономика министри Бакыт Сыдыков дайындалган. Ал эми аткаруу органы болгон Башкаруучу компаниянын жетекчилигине Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов бекитилген.

Анын аймагында өзүнүн Финансылык жөнгө салуучу органы, Бирдиктүү санариптик каттоо системасы жана Талаштарды чечүү боюнча эл аралык борбор иштейт. Учурда борбордун соттору менен төрагасын тандоо иштери жүрүп жатканы айтылат.

"Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын уюмдук түзүмү
"Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын уюмдук түзүмү

Башкаруучу компаниянын жетекчиси Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасында уюштуруу иштерине активдүү киришкенин жазды.

“Биздин команда аймакты өнүктүрүү, заманбап инфраструктураны түзүү, инвесторлорду тартуу жана резидент компанияларды ар тараптуу колдоо багытында тынымсыз иш алып барат. Бүгүнкү күндө эле "Тамчы" АФИАнын резиденттери болуп Бириккен Араб Эмираттарынын, Гонконгдун, Швейцариянын, Түштүк Кореянын жана Казакстандын компаниялары катталды. Мындан тышкары, дагы жыйырмага жакын чет элдик компания каттоо процессинен өтүүдө. Бул Кыргызстанга болгон ишенимдин жана өлкөбүздүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн жогору экендигин айгинелейт".

Аземде алгачкы беш резидентке сертификаттар тапшырылды. Алар SkyBridge Digital Finance компаниясы (Казакстан), Thunes төлөм платформасы (Сингапур), Victory Securities брокердик компаниясы (Гонконг), Onchain Technologies финтех компаниясы (Швейцария) жана Serim көп профилдүү холдинги (Түркия) болду.

"Долбоорду ишке ашырууга оптимизм менен карайбыз"

Уюштуруучулар долбоордун концепциясы Дубай, Сингапур жана Люксембург сыяктуу дүйнөлүк финансылык борборлордун ийгиликтүү тажрыйбасына негизделгенин белгилешүүдө.

Өкмөттүн эсебинде 2035-жылга чейин бул инвестициялык аймакта 3900дөн ашуун резидент-компаниялар иштеп, 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Эксперттердин пикиринде, ийгиликтүү ишке ашкан учурда атайын аймак Кыргызстанга миллиарддаган сомдук инвестиция алып келип, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүшү жана заманбап технологиялардын келишине жол ачышы мүмкүн. Ошондой эле, курулуш, транспорт, логистика, туризм жана тейлөө тармактары активдүү өнүгөт деп күтүлөт.

GRATA International эл аралык юридикалык компаниясы аймактын укуктук жагдайын изилдеп, апрель айында атайын макала жарыялаган.

Уюмдун өкүлү Айсанат Сафарбек кызы “Тамчы” атайын инвестициялык-финансылык борборунун концепциясы эл аралык тажрыйбаларга негизделгенин, анын ийгиликтүү иштеп кетиши үчүн өлкөдө жетиштүү укуктук база түзүлгөн айтты:

“Биз бул долбоордун ишке ашырылышына оптимизм менен карайбыз. Жаңы укуктук режим боюнча укук колдонуу практикасы эми гана калыптанып жатканына карабастан, бүгүнкү күндө анын иштеши үчүн комплекстүү мыйзамдык база түзүлдү. Атайын мыйзам кабыл алынды, Салык кодексине жана башка бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди, ошондой эле башкаруу, визалык режим, инфраструктура жана АИФАнын органдарынын ишин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Долбоордун модели дүйнөдөгү алдыңкы атайын финансылык борборлордун тажрыйбасына негизделип, өз алдынча башкаруу системасын, өзгөчө укуктук жөнгө салууну жана инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдерин камтыйт. Эгер мыйзамда каралган механизмдер ырааттуу түрдө ишке ашырылса, "Тамчы" АФИАсы Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун олуттуу жогорулатып, аймактык жана эл аралык инвесторлорду тартууга олуттуу салым кошо алат”.

Юрист мындай долбоорлорду башкаруу көз карандысыздык менен ачык-айкындуулуктун айкалышына негизделиши керектигин белгилейт. Анын пикиринде, ар бир органдын ыйгарым укуктары мыйзам менен так аныкталып, чечимдер ачык жана белгиленген тартипте кабыл алынышы, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу механизмдери каралышы маанилүү.

Санарип технологиялар боюнча талдоочу Аман Тентиев инвесторлор менен дүйнөлүк корпорациялардын ишенимин бекемдеш үчүн эл аралык укук менен улуттук мыйзамдарды кынтыксыз айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи.

"Эгерде Англиянын укуктук принциптери колдонулса, ал кантип биздин мыйзамдар менен айкалышат? Аймактын ичинде жазылган бүт укуктар менен келишимдер Англиянын укуктары менен иштейт. Бирок, анын баары биздин мыйзамдар менен интеграция болушу керек. Аны адистер кылдат иштеп чыгыш керек. Себеби, бир четинен алар (резиденттер) Кыргызстанда жашайт, соттор, банктар ачылып, юридикалык жана жеке катышы (присутствие) болушу керек. Эгер чынында ушулардын бардыгы камтылып, жакшы иштесе – чоң-чоң корпорациялардын Кыргызстанда өкүлчүлүктөрү болот. Алар өздөрүнүн өкүлдөрүн алып келет жана жергиликтүү жарандар да иштейт. Себеби, анын өзөгү блокчейн болуп атпайбы. Эгерде криптобагыттарда смарткелишимдер менен токенизацияны коё берсе соңку кездердеги каражат которуулардагы чектөөлөр менен комплаенс көзөмөлдөрдү ылдам чечсе болот".

"Күмөндүү акчаны адалдаштырган аймакка айланып калышы да мүмкүн"

Соңку жылдары Кыргызстандагы либералдуу экономиканы жана айрым укуктук мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, блокчейн технологиялар жана криптобиржалар, атүгүл банктар аркылуу миллиарддаган доллар каражаттар айландырылып жатканы белгилүү. Алардын артында орусиялык олигархтар жана Кремлге байланыштуу компаниялардын турары иликтөөлөрдө ачыкталып келет.

Мындан тышкары, атайын түзүлгөн компаниялар аркылуу Орусиянын согуштук өндүрүшүнө керектүү товарларды алып өтүү тажрыйбасы да кеңири жайылган. Мунун айынан 30дан ашуун кыргыз компаниялары, банктары жана криптобиржалары санкцияга кабылды. Ал эле эмес, Кыргызстандын өзүнө да эки түрдүү товарды киргизүүгө чектөөлөр киргизилген.

Ушундай шартта "Тамчы" АФИА күмөндүү каражаттарды жүгүртүү жана адалдоонун бир булагына айланып калуу тобокелдиги жаралбайбы деген суроолор да айтылып жатат.

Ишкер Тилек Токтогазиев "Тамчы" финансылык аймагы сыяктуу долбоорлордо ачыктык маанилүү экенин белгилейт. Ал Батыш өлкөлөрү Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө Кыргызстанда катталган компаниялар аралашты деп шек санап жаткан чакта, мындай тобокелдикти эске алуу зарыл экенин айтууда.

“Албетте, Кыргызстандын эл аралык аброю “күмөндүү акчаны” айландыруу аймагына айланып калышы деле мүмкүн. Бирок, “жеңүүчүнү соттобойт” деген сөз бар эмеспи. Эгерде бул аймак иш жүзүндө чын эле Кыргызстанга аябай көп акча алып келип, анын артынан экономикалык өсүүнүн кийинки этабына айланып калса, анда тарых ошого жараша баасын берет. Эгерде дүйнөлүк инвесторлор буга кызыкпай, болбогон бир долбоор катары кабыл алып, ынанышпаса, анда мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизип калышы да ыктымал”.

“Өзгөчө укуктук режимдеги жана макамдагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзам 2025-жылдын июнь айында кабыл алынган. Быйыл февралда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев аймактын курулушуна расмий старт берген.

Борбор Азияда мындай өзгөчө режимдеги финансылык аймак уюштуруу тажрыйбасы буга чейин Казакстанда ишке ашкан. 2015-жылы түзүлгөн “Астана” эл аралык финансылык борборунун иштөө механизми да ушул сыяктуу. Ал борбор он жыл ичинде 5000 резидент каттап, 20 млрд доллардан ашуун инвестиция тартканын жарыялап келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG