Учурда өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычынын кубаттуулугу 1200 мегаватт. Өкмөт күн энергиясы менен өлкөдөгү электр энергиясына болгон дефицитти жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирсе, адистер алдыңкы жылдары керектөө жана тартыштык дагы өсөрүн эскертүүдө. Күн панелдеринин коопсуздугу да суроо жаратууда.
Ири күн станциясынын мүмкүнчүлүгү
Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында 14-июнда өткөн 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров өзү катышты.
Мамлекет башчысы андагы сөзүндө бул долбоорду Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достук мамиленин, өз ара ишенимдин жана ийгиликтүү инвестициялык кызматташтыктын айкын мисалы деп атады.
Жапаров "ROX Group" компаниясынын кайра жаралуучу энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы олуттуу эл аралык тажрыйбасын белгилеп, компаниянын атамекендик адистердин квалификациясын жогорулатууга жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымын баалады.
“Жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон бул күн электр станциясын куруунун бардык этаптарын ишке ашырууга болжол менен 1,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Ал эми бүгүн биринчи этабы ишке киргизилип жаткан максималдуу кубаттуулугу 175 МВт күн электр станциясынын инвестициялык көлөмү 131 млн АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө карата анын 80 млн доллардан ашуун каражаты өздөштүрүлдү. Биринчи этаптагы долбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргыз жараны тартылды. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер түзөт”, – деди президент.
Садыр Жапаров бул долбоордун ишке киргизилишин дагы бир жетишкендик деп атады.
“Бүгүнкү күндө станция өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ийгиликтүү кошулуп, Кыргыз Республикасынын электр тармагына 28,7 миллион кВт/саат электр энергиясын берди. Өндүрүлгөн электр энергиясы Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларын камсыз кылууда. Ал эми биринчи этап толук кубаттуулукта иштеген шартта жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт/саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө. Бул долбоордун эң чоң өзгөчөлүгү – өндүрүлгөн электр энергияны белгиленген кубаттуулукта сактоо менен аны ар кандай учурларда өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна бере алгандыгында. Демек, Кыргызстан үчүн бул күн электр станциясы өзгөчө мааниге ээ. Ал биздин энергетика тармагын модернизациялоого, энергия булактарын диверсификациялоого жана гидроэнергетикадан болгон көз карандылыкты азайтууга көмөк көрсөтөт. Айрыкча суу азайып бараткан маалда күн энергетикасынын өнүгүшү энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун маанилүү фактору болуп калары турган иш”.
Энергетика министрлиги “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясы жөнүндөгү билдирүүсүндө аны "Кыргызстандын энергетикасындагы тарыхый бурулуш" деп баалады.
Мекемеден билдиришкендей, долбоор үчүн жалпы 2187,9 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын кийинки этаптарынын алкагында 2027-жылы кошумча 450 МВт, ал эми 2028-жылы дагы 1300 МВт кубаттуулукту ишке киргизүү пландалууда.
Биринчи этаптагы 175 МВтты кошкондо жалпы кубаттуулук ошондо 1900 МВт болот. Бул деген жылдык 3,3 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү дегенди түшүндүрөт.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге курган маегинде буларга токтолду:
“Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Күн нурунан электр энергиясын иштеп чыгуучу панелдер курулду. Андан сырткары 110 кВ көмөкчордон жана электр берүү инфратүзүмү пайдаланууга берилди. Азыркы учурда бул кубаттуулук менен Ысык-Көл облусунун керектөөсүнүн 30% жабууга мүмкүнчүлүгү бар”, – деди ал.
Керектөөнү жабуу далалаты жана экологиялык коопсуздук
Кыргызстанда калктын саны көбөйүп, экономика өсүп, курулуш жана башка тармактар жанданганы электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп келатат. Бирок электр энергиясын өндүрүү ошого жараша секирик жасаган жок.
Маселен, мурдагы жылдары Кыргызстандын жылдык керектөөсү 15-18 миллиард кВт/саат көлөмдү түзүп келди. Ошол эле маалда өлкөдөгү станциялар 12-14 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турду. Жетпеген ток башка өлкөлөрдөн сатылып алынып жатты.
Баштапкы эсепте 2025-жылы керектөө 18 миллиард кВт/саатты түзөт деп мерчемделсе, иш жүзүндө керектөө 19,3 млрд кВт/саатка жетти. Өлкөдөгү гидроэлектр станциялар жана жылуулук электр борборлору 14,3 миллиард кВт/саат өндүрөт деп күтүлгөнү менен жыйынтыгында өндүрүш 15,4 миллиард кВт/саат болду. 3,8 миллиард тартыштык кайра эле башка өлкөлөрдөн импорттолду.
Садыр Жапаровдун бийлиги Кыргызстанда электр станцияларын көбөйтүп, алгач керектөөнү жаап, кийин экспортко чыгууга умтулуп келет. Бул үчүн ири жана чакан гидроэлектр станциялардан сырткары күн жана шамал станцияларын курууга басым жасоодо. “ROX Ысык-Көл” ошонун бири.
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:
“Акыркы үч-төрт жылда бизде энергетикалык кризис тереңдеп кетти. Соңку жылдары дефицит 3,5-4 млрд кВт/саатка жетип, аны импорт менен жаап жатабыз. Жылдан жылга суу азайып, мөңгүлөр кыскарып, биздин гидроэнергетикага таасир берип жатат. Токтогул суу сактагычында суу азайып жатканын көрүүдөбүз. Ушундай шартта күн электр станциясын салып, электр энергиясын өндүрүү туура эле саясат. Альтернативдүү энергия бизге кошумча генерация берип, сууну үнөмдөөгө көмөк болот. Керек болсо бул боюнча атайын программа иштеп чыгып, кабыл алуу кажет. Былтыр дагы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясы курулуп башталган. Эми болсо Кызыл-Өрүктө 175 мегаватт болгон станция башталып, ал 1900 мегаваттка чейин жетери айтылды. Бирок канчалык масштабдуу деп айтылбасын, бир эле күн электр станциясы биздеги дефицитти жаба албайт. Анткени булар 3,3 млрд кВт/сааттык жылдык өндүрүшкө алдыңкы үч-төрт жылда гана барып чыгабыз деп жатышат. Менин эсебимде, көлөм мындан азыраак болот. Себеби күн электр станциясы жалаң күндүз – 10-12 саат гана иштейт. А бизде алдыңкы жылдары жылдык дефицит 5-6 млрд кВт/саатка жетип калат. Маалым болгондой, биздин керектөөчүлөр таңга маал жана кечке маал өтө көп электрди керектейт. Албетте, коопсуздугу эске алынса Ысык-Көлгө, күн көп ысыган Баткенге, Ошко, Жалал-Абадга жана башка облустарга да күн панелдерин кура берсе болот. Бирок канчалык масштабдуу болбосун, бир гана күн станциясынын көзүн карап олтура берген болбойт. Биз суу электр станцияларын көбөйтүп, ири ГЭСтерди курууга басым жасаганыбыз туура. Суу азайды, бирок биринин артынан бирин куруп, ГЭСтер каскадын салсак, бир эле сууну беш-он жолу колдоно алабыз. Ошол эле Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, Көкөмерен ГЭСтер каскадын, Камбар-Ата ГЭСтер каскадын, тездетип, башка да орто жана чакан станцияларды салышыбыз керек. Биз күн жана шамал электр станциялары сала беришибиз керек, гидроэлектр станцияларынын балансын сактоо зарыл”.
Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар: “Токтогул” (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери.
Мындан сырткары эки ири жылуулук электр борбору Бишкек ЖЭБи (812 мегаватт) жана Ош ЖЭБи (40 мегаватт) иштейт. Демек, жалпы кубаттуулук 3892 мегаватт, же 3,8 ГВт болуп келген.
Кыргыз өкмөтү мурдараак 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидроэлектр станциясы жана күн менен шамалдан энергия алуучу 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 станция куруу планын жарыялаган.
2024-жылы жана 2025-жылы бир нече жаңы ГЭСтер салынып, бар ГЭСтерге кошумча кубаттуулук кошулду.
Садыр Жапаров Фейсбуктагы постунда 2026-жылы 25, 2027-жылы дагы 14, 2028-2030-жылдары кеминде 5 жаңы чакан ГЭС куруларын билдирген. Бирок баары бир коюлган планды ишке ашыруу кечеңдөөдө жана Кыргызстан кеп болгон кубаттуулукка 2030-жылдары барып чыгышы мүмкүн.
Башка маселе, шамал жана күн электр станцияларынын экологиялык коопсуздугу. Эксперт Расул Умбеталиев кайрадан кепке кошулду:
“Кандай гана станция болбосун, ал суу, күн, шамал станциясыбы, биринчиден анын техникалык-экономикалык негиздемеси, экинчиден долбоору болушу керек. Анда экономикалык, социалдык, экологиялык жагынан пайда-зыяны изилдөө жүргүзүлүшү абзел. Өзүңөр билесиңер, жылдан жылга күн жылып, Ысык-Көлдө суунун деңгээли азая баштады. Акыркы 30-40 жылда кеминде 14 метрге суу түшүп кеткенин атайын изилдөөлөрдө маалымдалган. Анан күн панелдери көлдүн айланасында өтө чоң аянтка коюлуп жатса ал суунун бууга айлануу процессин тездетпейби деген да суроолор турат. Изилдөөлөрдө, долбоордо ошолор каралып, ачык жарыяланса болмок. Коомчулук, анын ичинде эксперттер таанышып, кабатырланууга жооп алмакпыз”.
Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфратүзүмдү салуу иштерин өз алдынча 2022-жылы баштаган. 2023-жылдын башында Камбар-Ата-1ди Борбор Азиядагы үч өлкө – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. ГЭСти курууга эң аз дегенде 2-3 млрд доллар, болбосо 4-5 млрд доллар да кетиши мүмкүн.
Баштапкы маалыматтарда Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт.
Жогоруда көргөнүбүздөй, “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясы бул экөөнөн тең кубаттуу болору жарыяланды. Бирок аны убакыт көрсөтөт.
Шерине