Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Казакстанда Orda.kz басылмасы ишин токтотуп жатканын жарыялады

Orda.kz редакциясынын эшигинин алдында турган атайын багыттагы полиция кызматкерлери. Алматы шаары, 2025-жылдын 1-декабры.
Orda.kz редакциясынын эшигинин алдында турган атайын багыттагы полиция кызматкерлери. Алматы шаары, 2025-жылдын 1-декабры.

Казакстандык Orda.kz маалымат ресурсу өз ишин токтотконун жарыялады. Басылманын башкы редактору Анна Платонова билдиргендей, сайттын, социалдык түйүндөрдөгү аккаунттардын жана YouTube каналынын иши 1-сентябрдан тартып токтотулуп жатат.

Редакциянын билдирүүсүндө чечимдин эч кандай саясий же башка жашыруун себептери жок экени, негизгиси каржылык кыйынчылыктар болгону белгиленди.

Orda.kz сайтына ээлик кылган Ordamedia.kz компаниясынын негиздөөчүсү Максат Ганиевдин Telegram каналындагы билдирүүсүндө айтылгандай, долбоорду чыгашадан чыгарып, кирешеге жеткирүү мүмкүн болбой калды.

Orda.kz басылмасы жабылып жатканы анын мурдагы башкы редактору Гүлнара Бажкеновага сот өкүмү чыккан соң эки жумадан кийин жарыяланууда. Алматынын Бостандык райондук соту 18-августта Бажкенованы "жалган маалымат таратуу, өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу жана мыйзамсыз ишкердик" деген негизде күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Жашы жете элек баласы бар болгондуктан жазаны өтөө мөөнөтү эки жылга токтотулган.

Ошондой эле сот Бажкеновага беш жыл бою журналисттик, блогерлик жана коомдук ишмердүүлүк жүргүзүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу жетекчилик кызматтарды аркалоого тыюу салган.

Бажкенова коюлган айыптарды четке каккан. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), Human Rights Watch (HRW), International Partnership for Human Rights (IPHR) баштаган эл аралык уюмдар өкүмдү сынга алып, аны Казакстандагы басма сөз эркиндигине сокку катары баалашкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG