Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базарындагы өрт боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын жана алдын ала маалымат боюнча тилсиз жоо электр зымдарындагы чукул туташуу себеп болгонун айтты.
Мэр 31-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, базардан тартылган видеотасмада өрт чыккан контейнерге сырттан эч ким кирбегени көрүнүп турганын жана чыгым тарткан ишкерлерге кенемте төлөнөрүн кошумчалады.
“Президент Садыр Нургожоевич абалды биринчи мүнөттөрдөн баштап өз көзөмөлүнө алган. Президенттин чечими менен ишкерлерге келтирилген чыгым эсептелип жатат. Жабыр тарткандарга кенемте төлөнүп берилет”, - деди ал.
30-августта эртең мененки саат 9дарга жакын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 21:02де толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү учурунда эки куткаруучу жеңил жаракат алган.
29-июнда “Мадина” базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар буздурулган. Соодагерлер мэриядан базар жабылып, орду реконструкция болору жөнүндө кабарлама алышкан. Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен.
Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы “Ала Тоо” базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирген.
Буга нааразы болгон соодагерлер утур-утур нааразылык акцияларын өткөрүп келатышкан. Алар “Ала Тоо” базарында ижара да, сатып алуу үчүн соода жайлары да кымбат экенин айтышууда.
Бийлик өкүлдөрү “Мадина” базарында чыккан өрттүн акыркы окуяларга тиешеси жок экенин билдирди. (BTo)
Шерине