Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Абактагы Жээнбеков соттолгон саясатчылардын “Ырыс ордонун” ачылышына чакырылганын сындады

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолуп, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы боюнча абактан кат жазып, “эркин, укуктуу саясий система жана демократиялык башкаруу гана мамлекетти күчтүү кыларын” билдирди.

Ал ошондой эле Бишкекте “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунун ачылышында сот жообуна тартылган жана ушул тапта иши сотто каралып жаткан саясатчылар менен укук коргоо органдырынын жетекчилери саламдашып, пикир алышканын сындаган.

“Жаңылыктардан “Ырыс ордо” имаратынын ачылышын көрүп калдым. Бир көрүнүшкө аябай таң калдым. Президент башында турган жогорку мамлекеттик иш-чарага Кумтөр боюнча коррупцияга күнөөлөнүп соттолгон мурдагы премьер-министрлердин, бийликти басып алууга күнөөлөнүп соттолгондордун чакырылып, аларга сый көргөзүлүшүнүн, өзгөчө бийлик, тергөө, сот “кылмышкер” деп аткан Нурланбек Тургунбек уулу менен башкы прокурордун, УКМК башчысынын жана ички иштер министринин жылуу сүйлөшүп тургандары мени сес кылды. Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында мындай көрүнүшкө биздин гана бийлик туш болсо керек”, - деп жазган ал.

24-августта Бишкекте “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунун ачылышына президент Садыр Жапаров, учурдагы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, эл аралык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышкан.

“Ырыс ордонун” ачылыш аземине Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да келген. Экөө тең “75чилердин каты” деп аталган кылмыш ишинин фигуранттары. Нурланбек Тургунбек уулу ага каршы иш козгогон ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков менен кучакташып учурашкан. Бул коомчулукта талкуу жаратты.

Садыр Жапаров иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө саясий күчтөрдү биримдикке үндөп, жаңы муунду мурдагылардын кемчилигин кайталабоого чакырган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы “Кой-Таш иши” боюнча кармалып, 2020-жылы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу бошотулган.

2025-жылдын 3-июнунда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери абакта отурат.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери чет жакта жүрөт. Биринчи май райондук соту аны “Кой-Таш иши” боюнча 11 жыл 6 айга кескен.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Президент Садыр Жапаров соңку интервьюсунда Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, алдыда боло турчу президенттик шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG