“75чилердин иши” боюнча айыпталган саясатчылардын адвокаттары Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү жокко чыгарууну эле эмес, ишти тергеген тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана райондук соттун судьясы Азирет Медеровго мыйзам бузуулар үчүн чара көрүү өтүнүчүн берди.
Бул тууралуу 17-августта бул ишке айыпталып жаткан сегиз кишинин бири - УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу отурумга кирип баратып, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айыпталуучулар Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эместигин айтты.
"Соттор көз карандысыз бийликтин бир бутагы да. Сот адилеттиги боюнча аракет кылып жүрөбүз. Буга чейин да сотторго шарт түзүп, көз карандысыздыгын камсыз кылалы деп. Кандай чечим болбосун, сот бийлиги адилет болуш керек. Буга чейинки чечимди сот ачык окуду. Баарыңыздар көрдүңүздөр. Бирок биз ошол чечимге макул болбогон үчүн шаардык сотко кайрылдык. Бул жолу мыйзамдуу, адилет чечим чыгат деп"".
Катка кол койгондордун баары сотко чакырылат
Өткөн аптадагы жараянда “75чилердин катына” кол койгондордун баарын сотко чакыруу тууралуу адвокаттар өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Катка кол койгон деген 75 кишинин ичинен бешөө айыпталып, соту жүрүп жатат. Калган 70 кишинин арасынан бүгүнкү сотко Карыпбек Асанов келди. Ал кайрылууга кол койгонунун себеби тууралуу сотко кирип баратып, журналисттерге мындай маалымат берди:
"Ошол кезде социалдык тармактарда деле жазылып жатпадыбы. Бири айтат, "президенттин мөөнөтү өтүп кетти" деп. Бири болсо “легитимсиз болуп калды” дейт. Бири “легитимдүү” дейт. Ошондой талкуу жүрүп жаткан да. Жаран катары кайрылдык. Кийин ал кылмыш ишине айланып кетти. Ал жерде эч нерсе жок. Бүгүн саат 10го чакырган экен, келдим”, - деди Карыпбек Асанов.
Өткөн жумада, 13-августта болгон жараянда прокуратура сегиз адамды абакка кесүүнү суранып, аппелляция бергени белгилүү болгон.
"Акталган беренени жокко чыгарып, санкциянын чегинде жаза берүүнү суранышууда. Экинчи - 326-берене боюнча да жаза жеңил болуп калды деп, жазаны катаалдаштырууну суранып жатышат. Биздин күнөөбүз жок. Биз актоону суранабыз", - деп билдирген анда Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов.
Прокуратура аппеляциялык арыздын мазмуну тууралуу маалымат бере элек.
Сот жабык өтүп, журналисттер киргизилбей жатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иш алгач жабык каралган. Кийин адвокаттардын суранычы менен ачык болуп, кайра жабык өткөрүү чечими кабыл алынган.
Айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова 13-августта ал жараянды ачык өткөрүү өтүнүчү келтиргенин, сот аны четке какканын билдирген.
“Соттук отурумдун ачык өткөрүү боюнча өтүнүч келтирдик, бирок сот аны четке какты. Сот процессинин ачык өтүшүн Курсан Сатарович (Асанов) жана Дыйканбаев (Куманбек Дыйканбаев) колдоду. Калгандардын көпчүлүгү соттун ачык өтүшүнө каршы болушту. Камчыбек Ташиев да каршы болду, анткени журналисттер кирсе, тартип болбой калат дегендей. Бүгүнкү отурумда алар жөн гана сотту жабык эшик өткөрүүнү талап кылышты”, - деди Жакупбекова.
Соттук отурумга шектүүлөрдүн бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты келбей калгандыктан жараян 24-августка жылды.
“75чилердин катына” байланышкан кылмыш иши боюнча прокуратура менен адвокаттардын апелляциялык арыздарын Бишкек шаардык сотунда 10-августта кароого киришкен.
10-августтагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттары прокуратуранын шаардык сотко жазган арызы менен таанышуу үчүн убакыт сурап, судья аны канааттандырган.
3-августта прокурорлор “75чилердин каты” боюнча сегиз адамга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Айыпталган саясатчылардын адвокаттары да Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы кийинки инстанцияга даттанган.
"75чилердин иши" боюнча соттун таржымалы
Чуулгандуу катка байланыштуу окуялардан кийин козголгон иш боюнча райондук соттун өкүмү 2-июлда чыккан. Мыйзамга ылайык, прокуратура жана соттолуучулар макул болбосо бир айлык мөөнөттүн ичинде кийинки инстанцияга арыз менен кайрыла алат.
Соттолгон мурдагы жетекчилер бул мөөнөттүн аягына чейин күтүп, өткөн аптада шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыла баштаган. Тагыраагы, чыгарылган өкүмгө макул эместигин биринчилерден болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары билдирип, арыз жазган. Мындан кийин Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат Курманкул Зулушев баш болгон башка да саясатчылардын жактоочулары арыз калтырганы белгилүү болду.
Учурда коомчулукта УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамга шаардык сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн деген талкуу жүрүп жатат. Райондук соттун чечиминен кийин айрым саясий билдирүүлөр жасалып, соттолуучулардын риторикасында, аларга мамиледе бир топ өзгөрүү болгонун айткандар жок эмес. Атап айтсак, июль айында Камчыбек Ташиев соцтармактарга билдирүү таратып, кийинки жылдагы президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровду колдой турганын шардана кылды. Бул кайрылуудан соң бийликтин Ташиевге карата мамилеси да өзгөргөндөй сезилди.
УКМКнын мурдагы төрагасынын бир тууган иниси, экс-депутат Шайырбек Ташиев үй камагына чыкты.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Кыргызмунайгаз” ишканасындагы коррупция тууралуу тергөөсүнөн улам апрель айында камакка алынган Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин 27-июлда жарыялады. Ал канча каражат төккөнү азырынча ачык айтыла элек.
Бул окуяны бийлик менен Ташиевдин ортосундагы кайсы бир сүйлөшүүлөрдүн белгиси катары сыпаттагандар бар.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.
Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.