Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

"75чилердин иши": Шаардык сот апелляциялык арызды кароого киришти

Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев жана Нурланбек Тургунбек уулу иш Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан учурда. Июнь, 2026жыл
Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев жана Нурланбек Тургунбек уулу иш Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан учурда. Июнь, 2026жыл

Бишкек шаардык соту “75чилердин катына” байланышкан кылмыш иши боюнча апелляциялык арызды кароого киришти. Прокурорлор райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз бергени 3-августта белгилүү болгон. Ташиевдин жана Зулушевдин адвокаттары да шаардык сотко кайрылган.

Бишкек шаардык сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча апелляциялык арызды кароо 10-августта башталды. Отурумда айыпталуучулардын адвокаттары прокуратуранын шаардык сотко жазган арызы менен таанышуу үчүн убакыт сурап, судья аны канааттандырганын, кийинки жараянды 13-августка белгилегенин "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди.

Бул иш боюнча айыпталып жаткандардын бири, мурдагы депутат Курманкул Зулушевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев: "Бүгүнкү отурумда прокуратуранын сунушу менен таанышуу үчүн өтүнүч келтирилген болчу. Ошондуктан отурум жылып кетти. Бизге мөөнөт берилди таанышууга жана даярданууга. Иш кийинки бейшемби күнү саат 10до уланат", - деди.

Шектүүлөрдүн бири Курсан Асанов соттон чыгып баратып, журналисттерге учкай комментарий берди, иш териштирилип баштаганда соттук отурумдарды ачык өткөрүү өтүнүчүн берерин айтты.

"Бул иш мыйзам чегинде каралышы керек. Азыр эми сот отуруму башталып жатат. Бул иш ачык өтсө жакшы болот. Анткени коомчулук дагы бул ишти билиши керек. Өкүм боюнча макул болбой, арыз жазганбыз", - деди Асанов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иш алгач жабык каралган. Кийин адвокаттардын суранычы менен ачык болуп, кайра жабык өткөрүү чечими кабыл алынган.

"75чилердин каты" иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө прокуратура да макул эместигин билдирип, апелляциялык арыз берген. Мунун алдында Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушевдин адвокаттары да райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга даттанган. Жактоочулар буга чейин соттолгон сегиз кишинин баары шаардык сотко арыз жазганын билдиришкен.

Бишкек шаардык соту аппеляциялык арызды кароону 10-августка белгилеген.

Буга чейин “Азаттык” Башкы прокуратурага кайрылганда мекеме шаардык сотко жазылган апелляциялык арыздын мазмуну тууралуу маалымат берген жок.

"75чилердин каты" иши райондук сотто каралып жаткан учурда прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды сегиз жылга кесүүнү суранган. Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров бул сунушту жарым-жартылай канааттандырып, айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, төрт жыл чегерген, бирок үч жылдык пробациялык сыноо шарты менен эркиндикте калтырган.

"75чилердин каты": Бишкек соту кандай чечим чыгарат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00


Чуулгандуу катка байланыштуу окуялардан кийин козголгон иш боюнча райондук соттун өкүмү 2-июлда чыккан. Мыйзамга ылайык, прокуратура жана соттолуучулар макул болбосо бир айлык мөөнөттүн ичинде кийинки инстанцияга арыз менен кайрыла алат.

Соттолгон мурдагы жетекчилер бул мөөнөттүн аягына чейин күтүп, өткөн аптада шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыла баштаган. Тагыраагы, чыгарылган өкүмгө макул эместигин биринчилерден болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары билдирип, арыз жазган. Мындан кийин Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат Курманкул Зулушев баш болгон башка да саясатчылардын жактоочулары арыз калтырганы белгилүү болду.

Учурда коомчулукта УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамга шаардык сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн деген талкуу жүрүп жатат. Райондук соттун чечиминен кийин айрым саясий билдирүүлөр жасалып, соттолуучулардын риторикасында, аларга мамиледе бир топ өзгөрүү болгонун айткандар жок эмес. Атап айтсак, июль айында Камчыбек Ташиев соцтармактарга билдирүү таратып, кийинки жылдагы президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровду колдой турганын шардана кылды. Бул кайрылуудан соң бийликтин Ташиевге карата мамилеси да өзгөргөндөй сезилди.

УКМКнын мурдагы төрагасынын бир тууган иниси, экс-депутат Шайырбек Ташиев үй камагына чыкты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Кыргызмунайгаз” ишканасындагы коррупция тууралуу тергөөсүнөн улам апрель айында камакка алынган Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин 27-июлда жарыялады. Ал канча каражат төккөнү азырынча ачык айтыла элек.

Бул окуяны бийлик менен Ташиевдин ортосундагы кайсы бир сүйлөшүүлөрдүн белгиси катары сыпаттагандар да болууда.

Саясатчы Улукбек Маматаев "75чилердин каты" боюнча кармалгандарга жумшак мамиле жасалып жатат деп эсептейт:

Улукбек Маматаев
Улукбек Маматаев

"Акыркы маалыматтарга караганда, сүйлөшүү болду деген сөз эл арасында байма-бай айтылып келе жатат. Мен деле ошого ынанып баратам. Эгерде сүйлөшүү болбосо мындай жыйынтык чыкмак эмес. Ошондой эле бизге "Кемпир-Абад иши" боюнча 20 жыл сураган. Булардын иши бизге таптакыр окшошпойт. Сыртта жүргөн үч кишинин (ред.: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу) даярданганы билинип турган. Эмнегедир буларга жумшак мамиле жасалды. Бул саясий чечим, анткени жакында шайлоо. Мындай чоң резонанстуу иштерди өлкөдөгү экинчи, үчүнчү адамдар чече албайт. Бул өлкө башчынын деңгээлинде чечилген маселе деп ойлойм".

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

Райондук соттун өкүмүнөн кийин алар комментарий берген эмес. Пробациялык жаза саясий соодалашуунун натыйжасы болгону тууралуу пикирлерге да жооп боло элек.

Ошентип, жакынкы күндөрү соңку айларда өлкөдөгү саясий күн тартиптин башкы сабына чыккан “75чилердин каты" иши шаардык сотто кайра карала баштайт. Президенттик шайлоонун алдындагы соттук процесске коомчулуктун көңүлү буралары турган иш.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.

Куржундар
XS
SM
MD
LG