Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы белгиленип жатат. Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.
Көз карандысыздыктын 35 жылдыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракесине арналган Саммитке жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туш келди. Кыргызстанга жыйырмадан ашык өлкөнүн лидерлери келип, алар жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда көчмөндөр оюндарынын ачылышына да катышат. Бул иш-чараларга байланыштуу быйыл Эгемендик майрамы 11-12-сентябрь күндөрү Талас облусунда белгиленет.
Президент Садыр Жапаров 31-августта кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.
“Эгемендигибизди чыңдоо менен катар, Кыргызстандын эл аралык майдандагы кадыр-баркын, беделин арттыруучу глобалдык иш-чараларды колдоп-коштоп, урагыс биримдигибизди көрсөтүүдө улуттук аң-сезими бийик атуулдарыбыздын орду баа жеткис. Мамлекеттин күч-кубаты — анын жарандарынын интеллектуалдык даражасында жана моралдык тазалыгында. “Мен кыргыз жаранымын, мен кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир адам жоопкерчиликтүү аң-сезим менен өлкөбүздүн алдыга жылышы, коомчулуктун сабаттуулугу жана жаңычылдыкка умтулуусу үчүн күрөшсө, анда мамлекетибиздин өнүгүүсү мындан да ыкчамдайт”, - деди президент.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын дагы бир жолу белгиледи. (BTo)
Шерине