Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Бишкек мэри өрт чалган "Мадина" базарынын соодагерлерине жардам берилерин айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушту. 30-август, 2026
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушту. 30-август, 2026

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 30-августта "Мадина" базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушту. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар башчысы өрттөн жабыркагандар аныкталып, жардам берилерин билдирди.

"Азыркы учурда эң негизгиси — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттү өчүрүү. Жабыркагандарды сөзсүз аныктап, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз. Бардык кырдаал көзөмөлдө", - деди Жунушалиев.

Калаа башчысы өрттү өчүрүүгө тартылган ӨКМ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы чукул туташуу себеп болушу мүмкүн. Окуянын так себептерин аныктоо үчүн видеобайкоо камераларындагы жазуулар изилденет. Милиция териштирүү башталганын кабарлады.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын суу ташуучу атайын техника жөнөтүлдү.

Эртең мененки саат 9дарга жакын ӨКМге базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм тартылган.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө.

29-июнда “Мадина” базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар буздурулган. Соодагерлер мэриядан базар жабылып, орду реконструкция болору жөнүндө кабарлама алышкан. Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы “Ала Тоо” базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирген.

Буга нааразы болгон соодагерлер утур-утур нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алар “Ала Тоо” базарында ижара да, сатып алуу үчүн соода жайлары да кымбат экенин айтышууда. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG