Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттуктады

"Ала-Тоо" аянты.
"Ала-Тоо" аянты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.

Дональд Трамп Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктап алганын жана АКШ Кыргызстан менен өнөктөш жана дос болуп келатканына сыймыктанарын билдирген.

“Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мурдагыйдай эле бекем колдоп келет. Ушул маанилүү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктүн андан ары бекемделишине жана америкалык жана кыргыз элдеринин ортосундагы достуктун уланышына үмүтүмдү билдирем”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүргөн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Ирандын өлкө башчысы Масуд Пезешкиан, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана коңшу өлкөлөр – Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери - Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттуктады.

31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы белгиленип жатат. Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG