Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

ДКО 2026: Кыргызстандын туусун Мусабек уулу Азисхан көтөрүп чыгат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасы. 30-август, 2026
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасы. 30-август, 2026

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде мамлекеттик тууну улуттук кыргыз күрөш боюнча курама команданын мүчөсү, дүйнө жана эл аралык мелдештердин көп жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча эмгек сиңирген спорт чебери Мусабек уулу Азисхан көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа-штабы кабарлады.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору Урмат Асанбаев спортчуларга алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Мусабек уулу Азисхан 1994-жылы туулган. Ал спорттун улуттук түрлөрү боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону. Тактап айтканда, кыргыз күрөшүнөн үч жолу дүйнө чемпиону аталса, бел боо күрөшү менен алыш бел боо күрөшүнөн бир жолудан дүйнө чемпиону болгон. Алыш бел боо күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эки жолку байге ээси. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш бел боо күрөшүнөн 80 кг салмакта күмүш байге, 2024-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күрөштүн ушул эле түрүнөн 90 кг салмакта коло байге алган. Быйылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшүнөн 84 килограмм салмакта күч сынашат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Орусия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин спортчулары арыз берген.

Жалпысынан 3 миңге жакын спортчу катышат деп күтүлүүдө. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, спорттун 42 түрү бекитилген. 31-августта өлкөлөрдүн спорттук делегациялары оюндун ачылыш аземинде парадга катышат жана командалар бирдиктүү улуттук формада чыгууга тийиш.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта борбордо жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда өтүп, негизги оюндар 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.

2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG