31-августта Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Эки өлкөнүн лидерин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ+” форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Режеп Тайып Эрдоган да көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана “ШКУ+” жолугушуусуна катышат.
31-августта Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келди.
Андан тышкары коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон түшкөн учак дагы бүгүн "Манас" аэропортуна конду.
30-августта Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.
2001-жылы түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (BTo)
Шерине