Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

ШКУ: Бишкекке бир катар өлкөлөрдүн лидерлери келди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Кыргызстанга "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн бир катар лидерлер келип жатат.

31-августта Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келди.

Алиевди, Пашинянды, Шарифти жана Пезешкианды “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Тогонун жана Лаостун лидерлерин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алышты.

Бир күн мурда, 30-августта Бишкекке Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ан Суан жумушчу сапар менен келген.

Кытайдын лидери Си Цзинпинди "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алган.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

Буга байланыштуу Кыргызстанга жыйырмадан ашык өлкөнүн лидерлери келип, алар жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.

2001-жылы түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG