Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келди

Масуд Пезешкиан.
Масуд Пезешкиан.

31-августта Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Масуд Пезешкиан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт. Кыргызстанга жыйырмадан ашык өлкөнүн лидерлери келип, алар жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда көчмөндөр оюндарынын ачылышына да катышат.

2001-жылы түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG