Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:01

Украинанын Башкы штабы: Орусия өткөн суткаларда миңден ашуун аскерин жана беш танкын жоготту

Иллюстрациялык сүрөт. Украиналык аскерлер CAESAR гаубицасынан орусиялык позицияларга ок атууда, Днепропетровск облусу, июнь, 2026-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Украиналык аскерлер CAESAR гаубицасынан орусиялык позицияларга ок атууда, Днепропетровск облусу, июнь, 2026-жыл.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 31-августтун таңкы маалыматында, өткөн суткаларда Орусиянын аскерлери болжол менен 1600 адамынан ажыраган.

Штабдын баалоосунда, Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын армиясы жалпысынан 1 488 200дөй аскерин жоготту.

Мындан тышкары 12 316 танк (+5 өткөн суткада), 25 255 чопкутталган машина (+7,) 48 883 артиллериялык система (+50)
2 079 реактивдүү системасы (+7), 1 597 абадан коргонуу каражаты (+3), 440 учак, 354 тик учак, 2 442 жердеги роботтоштурулган комплекс (+7), 490 402 оперативдүү-тактикалык деңгээлдеги учкучсуз учак (+2 055), 5 060 канаттуу ракета, 35 кеме жана катер
2 суу астында сүзүүчү кеме, 141 920 автоунаа жана цистерна (+467)
4 621 бирдик атайын техника (+7).

Орусия азырынча жоготууларын расмий түрдө ачыктай элек.

Москва акыркы жолу каза болгондордун санын 2022-жылдын сентябрь айында атап, ал кезде 5 937 киши каза болгонун билдирген.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы менен биргеликте ушул жылдын июль айына карата Орусиянын каза болгон 235 миңге чукул аскер кызматкеринин аты-жөнүн жана башка маалыматтарын тактаган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, чыныгы сан мындан кыйла көп болушу мүмкүн. НАТОнун баалоосунда жарым миллионго жакын адам каза болгон.

Киев өзү дагы узак убакыт бою жоготууларын ачык айтпай, маалыматтар согуш аяктагандан кийин жарыяланарын билдирип келген. Украина президенти Владимир Зеленский 30-июлда Fox News телеканалына курган маегинде Украина 50 миң аскерин жоготконун, дагы 400 миңге чукулу жарадар болгонун, дайынсыз жоголгондордун саны көп экенин айткан.

Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун 1-июлдагы маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралыннан бери Орусия менен Украинанын каза болгон жана жарадар болгон аскерлеринин жалпы жоготуусу 2 миллиондон ашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG