Орусиянын президенти Владимир Путин 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын саммитинде ШКУ Евразия чөлкөмүндө эле эмес, жалпы дүйнөдө эң ири уюмдардын бир экенин айтты.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода алака жана инвестиция салуу өсүп жатканын, 2025-жылы Орусиянын уюмга мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 400 миллиард доллардан ашканын кошумчалады. Андан тышкары 1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуш башталганын эске салды.
“Бишкектеги биргелешкен ишибиз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бүткүл Евразия боюнча коопсуздукту, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөөгө салым кошот деп ишенем. Буга байланыштуу урматтуу достор, бүгүн, 1-сентябрь Экинчи дүйнөлүк согуштун башталган күнү экенин эске салгым келет. Биз куралдуу жаңжалдарга алып келиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерди дүйнөлүк тажрыйбадан толугу менен четтетүү үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшүбүз керек. Биздин ишибиз дал ушуга алып баратат деп ишенем”, - деди ал.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышты.
31-августта Бишкекте Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Украинадагы согушту токтотууга чакырган.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына беш чылга чукулдап баратат. Түрдүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. (BTo)
Шерине