Орус армиясынын 1-сентябрга караган түндөгү жапырт чабуулунан Украинанын Киев жана Одесса облустарында 12 киши набыт болду, 19у жараат алды.
Каза болгондордун сегизи Киев шаарында экени кабарланды. Дарница районунда имаратка ракета кулап, өрт чыккан учурда жети киши каза болгонун шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Анын айтымында, Голосеев районунда учкучсуз учак жана ракета кулаган кезде дагы бир киши өлдү. Ал жерде да өрт тутанды. Жараат алгандардын экөө балдар.
Орус армиясынын Украинанын борбору Киевге чабуулу алты күндөн бери уланып жатат. Кличконун белгилешинче, Соломенка районунда дрон имаратка жана турак үйгө кулаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги ракета жана учкучсуз учактар менен Киевдин аскердик өнөр жай, отун-энергетика тармактарына, ошондой эле Одесса облусундагы инфраструктуралык объектилерге кеңири масштабдуу сокку урулганын жарыялады. Украин бийлиги да Одесса облусунда ири чабуул болгонун маалымдашты.
Бир күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери "Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кеңири масштабдуу сокку урууга даярдык баштаганын" билдирген эле.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко 13 киши жараат алганын Телеграм каналына жазды.
Ошол эле учурда Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Ленинград облусуна чабуул жасаганын губернатор Александр Дрозденко билдирди. Анын айтымында, 52 дрон атып түшүрүлдү. Жабыркагандар болгон жок.
"Дрон чабуулунан кийин Усть-Луга портунун аймагы зыянга учуруганы жана өрт чыкканы кабарланды. Окуя болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп жатат. Кесепеттери тууралуу маалыматтар такталууда", - деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналына.
Украинанын Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары Усть-Луга портундагы терминалга сокку урулганын жазды.
Шерине