Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Непал: Суу ташкындан каза болгондор 900дөн ашты, издөө иштери уланууда

Непал, суу ташкындан кийинки көрүнүш.
Непал, суу ташкындан кийинки көрүнүш.

Непал бийлигинин маалыматына караганда, 26-августтагы суу ташкында каза болгондордун саны кеминде 939га жетти. 31-августта дайынсыз болуп жаткандардын саны 4247 киши экени айтылып, кийин 3925 деп такталган. Алардын 600дөйү чет элдик жарандар.

Кытайдын мамлекеттик басылмалары кабарлагандай, Тибетте 16 киши набыт кетип, 546 адамдын дайыны белгисиз болууда. BBCнин Кытайдагы кабарчысынын маалыматына караганда, чек арадагы Шигацзе районунун бийлиги куткаруучулар азырынча эч кимди тирүү таба электигин билдирүүдө. Дүйшөмбү күнү Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары дарыянын нугу тосулгандан кийин пайда болуп, жаңы кырсык коркунучун жараткан көл «табигый жол менен агып кетип, жок болгонун» кабарлады.

Кытайдын бийлиги суу ташкыны тууралуу социалдык тармактардагы маалыматтарды катуу көзөмөлдөй баштады. Тибетте табигый кырсыктан каза болгондордун саны 500гө жакын болушу ыктымал деген божомолун билдирген бир адам кармалды.

Кытай «кырсыктын кесепеттери тууралуу маалыматты жашырып жатат» деген чет өлкөлүк айыптоолорго жооп берип, маалымат «ачык, айкын жана өз убагында» берилип жатканын билдирүүдө.

Непал да суу ташкыны тууралуу туура эмес маалыматтарды интернеттен алып салууну талап кылууда. Кырсык тууралуу жалган маалыматтарды кабарлоо үчүн атайын портал ачылды.

Kathmandu Post басылмасы жазгандай, кийинчерээк ондогон колдонуучудан туура эмес мазмундагы материалдарды, анын ичинде каза болгондор менен жабыркагандардын сүрөттөрү жана жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган видеолорду өчүрүү талап кылынган.

Непалдагы куткаруу операциялары алтынчы күнү да уланууда.

26-августта Непал менен Тибеттин чек арасында күтүүсүз катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG