Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бишкекте өтүп жаткан "ШОС+" жыйынында Бириккен Улуттар Уюму өз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы мамиленин жакшыртуу боюнча резолюцияларды ишке ашырууга эч кандай роль ойнобогонун айтты.
"Бир жылдай мурда Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашык убакытка созулган жаңжалга чекит койду. Муну менен көп жылдык чыр-чатактын очогу болгон Түштүк Кавказ аймагы тынчтык ордосуна айланууда. Азербайжан азыр Арменияга мунай өнүмдөрүн жеткирип, үчүнчү өлкөлөрдүн жүктөрүнүн транзитин камсыз кылууда. Армения менен биргеликте сооданын көлөмүн көбөйтүү, анын номенклатурасын кеңейтүү жана транспорттук коммуникацияларды түзүү үстүндө иштеп жатабыз", - деди азери президенти.
Алиев муну менен катар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1993-жылы кабыл алынган төрт резолюциясы 30 жылдан кийин, тактап айтканда үч жыл мурда аткарылганын белгиледи.
Бирок Улуттар Уюму бул резолюциялардын аткарылышында эч кандай роль ойнобогонун, Азербайжан суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен өзү калыбына келтиргенин айтты.
Муну менен катар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын кыска мөөнөттө аткарылышы тиешелүү механизмдерди иштеп чыгууну талап кыларына токтолду.
Азербайжан менен Армениянын алакасы 1990-жылдардын башында Тоолуу Карабак автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгып, Армян ССРине киргенден тарта начарлаган. Мунун айынан тараптар отуз жылдан ашуун согушкан.
2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан этностук армяндар жашаган Карабак аймактарында "антитеррордук операция" баштаган. Ал өзүн-өзү жарыялаган республиканын бийлигинин багынып бериши менен аяктаган.
Эки кошуна Тынчтык декларациясына Никол Пашинян жана азери лидери Илхам Алиев былтыр 8-августта АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин кол коюшкан.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ июнь келишиминдеги милдеттенмелерин аткарса, Тегеран дагы аны аткарууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде жана "ШКУ плюс" жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Пезешкиан кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү Вашингтондон көз каранды экенин белгилеп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү пикир келишпестикти жөнгө салуунун негизги жолу деп эсептей турганын кошумчалады:
"Бирок ак ниеттүү, өзүнө алынган милдеттенмелерди урматтоодон жана күч колдонуудан баш тартпаган дипломатия туруктуу тынчтыкты камсыз кыла албайт".
Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга чабуул баштап, Тегеран ага жооп кайтарып, Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгы жабылган. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.
Июнь айында АКШ менен Иран 60 күнгө ок атууну токтотууну жана Ормуз кысыгын ачууну караган меморандумга кол коюшкан. Макулдашууларга карабастан тараптар сокку урууну улантышкан. Август айында Вашингтон Тегеранга каршы экономикалык кысым көрсөтүүнүн жаңы өнөктүгүн жарыялаган. Иран бийлиги муну "экономикалык терроризм" деп атаган.
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Азербайжандын жана Орусиянын президенттери кыскача сүйлөштү.
Бул тууралуу бир катар азери жана орус медиалары жазышты.
ТАСС агенттиги Кремлге шилтеме берип, "Орусиянын президенти Владимир Путин жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев ШКУ саммитинин алкагында кыскача сүйлөштү", - деп жазды.
Кремль тараптар эмне тууралуу сүйлөшкөнүн ачык айткан эмес.
Азербайжан менен Орусиянын мамилеси 2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарынын жанында 38 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгынан кийин сууп кеткен.
Учак Бакудан Грозныйга бет алып, бирок чечен баш калаасына коно албаганда деңиздин аркы жээгиндеги Актауга бурулууга аргасыз болгон. Бирок Каспийдин үстүнөн учуп өтүп, шаардын жанында кулаган. Борттогу 67 адамдын 38и каза тапкан. Жарадар болгондордун арасында кыргызстандык үч киши болгон.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусияны айыптап, кенемте талап кылган. Орусиянын президенти Владимир Путин кырсыктан төрт күндөн кийин кечирим сураган, бирок Москва окуя үчүн жоопкерчилик алган эмес. Баку мындан кийин Орусияга аба каттамдарын токтоткон.
2025-жылы Дүйшөмбү шаарында Илхам Алиев менен жолукканда Путин кырсык Орусиянын абадан коргонуу каражаттары аткан ракетанын айынан болгонун моюнга алган. Декабрда Орусиянын Тергөө комитети Казакстандын аймагында кырсыктаган Azerbaijan Airlines (AZAL) авиакомпаниясынын учагы боюнча тергөө иштерин токтотуп, Баку бул кадам түшүнбөстүк жаратканын билдирген.
Илхам Алиев мындан кийин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине баруудан баш тарткан.
Быйыл 15-апрелде Азербайжан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтери учак кырсыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү тараткан. Анда "бардык тараптар кесепеттерин, анын ичинде компенсация төлөө маселесин тийиштүү түрдө чечүүгө жетишти" деп айтылган.
Июль айында Азербайжандын тышкы иштер министри Орусияга түз аба каттамдары жакын арада кайрадан ачыларын билдирген.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "ШКУ+" форматындагы саммитте лидерлерди глобалдык чакырыктарга каршы биригүүгө чакырды.
"Дүйнө геосаясий карама-каршылыктардын жана аймактык жаңжалдардын ырбашына, терроризм, экстремизм жана радикализм коркунучтарынын өсүшүнө, ошондой эле энергетикалык жана азык-түлүк чакырыктарына дуушар болууда. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери барган сайын күч алууда, бул бизден күч-аракеттерди бириктирүүнү жана чара көрүүнүн бирдиктүү стратегисын иштеп чыгууну талап кылат", - деди Рахмон.
Тажик лидери муну менен катар өз өлкөсүнүн суу ресурстары, климат жана туруктуу өнүгүү тармагындагы демилгелерин белгиледи.
Буга мисал катары ал Дүйшөмбү суу процесси жана Дүйшөмбү мөңгүлөрдү коргоо процесси сыяктуу маанилүү аянтчаларды, 2030-жылдан кийинки глобалдык суу күн тартибин илгерилетүүгө көмөктөшүүгө багытталган Суу маселелери боюнча Дүйшөмбү алкактык программасын түзүү сунушун айтты.
БУУнун колдоосу менен Тажикстан сүрөп жаткан Терроризмге каршы күрөшүү боюнча Дүйшөмбү процесси эл аралык аянтча катары өнүгүп жатканына токтолду. Жакында Тажикстандын демилгеси менен БУУнун Генералдык Ассамблеясынын Келечек муундар үчүн тынчтыкты чыңдоонун эл аралык он жылдыгын жарыялоо резолюциясы кабыл алынганын белгиледи.
Рахмондун белгилешинче, кийинки жылы Тажикстанда БУУ менен биргеликте он жылдыктын алкагында биринчи эл аралык конференцияны өткөрүү пландаштырылып жатканын айтып, эл аралык өнөктөштөрдү бул иш-чарага жигердүү катышууга чакырды.
Шерине