Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ), анын ичинде Коопсуздук кеңешин реформалоону колдой турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 1-сентябрда Бишкек шаарында “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Садыр Жапаров саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылуу керектигин кошумчалады.
“Бул органдагы алдыдагы мүчөлүгүбүз БУУнун борбордук координациялоочу ролун бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Кыргызстан Коопсуздук кеңеши менен аймактык уюмдардын ортосундагы тыгыз диалогго көмөктөшүүгө, ошондой эле Борбордук Азияда татаал мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча топтолгон тажрыйбаны сунуштоого даяр”, – деди Жапаров.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүдө Адылбек Касымалиев Кыргызстан ШКУнун алкагында Мисир менен өз ара аракеттенүүгө чоң маани берерин белгиледи.
"Бул уюмдун эл аралык деңгээлин кеңейтүүгө жана Борбор Азия, араб дүйнөсү менен Африканын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деди Касымалиев.
Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса Кыргызстанга биринчи жолу келгенин белгилеп, өз өлкөсү саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.
Былтыр, 2025-жылдын 4-5-ноябрында президент Садыр Жапаров Мисирге расмий сапар менен барган. Бир айдан кийин 16-декабрда Кыргызстандын Мисирдеги элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол койгон. Мындай чечим Кыргызстан менен Мисирдин ортосунда саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды бекемдөө максатында кабыл алынганы жазылган.
Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алгандан бир жылдан кийин 1992-жылы Мисир Араб Республикасы менен дипломатиялык алака түзгөн.
Кыргызстандыктар арасында Мисирде диний багытта билим алгандар көп. Мындан сырткары бул өлкө менен соода-сатык жагында иштеген кыргыз жарандары да бар.
Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 5,1 млн долларды түзгөн. Мунун 3 млн долларлык товарын Каир экспорттосо, 1,6 млн долларлык товарын Бишкек жөнөткөн.
Беларус лидери Александр Лукашенко ШКУ менен БУУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл деп эсептейт.
Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ+" жыйынында айтты.
Лукашенко БУУ уникалдуу уюм экенин белгилеп, анын "универсалдуу мандатка ээ жана курамы чоң экенин" белгиледи.
БУУнун аянтчасы мамлекеттердин көйгөйлөрүнө көңүл бурууга жана зарыл болсо аларды чечүүдө жардам суроого мүмкүндүк бере турганын айтты.
Беларус лидеринин пикиринде, саясий пикир келишпестиктер БУУнун чечилбеген жаңжалдарды, анын ичинде ШКУга мүчө Иранга байланыштуу маселелерди жөнгө салуусуна бөгөт коюп жатканын билдирди.
"Уюмду канча кааласак ошончо сындасак болот, жетекчиликти жана катчылыкты сындай турган жүйөлөр бар. Бирок БУУ эң оболу өзүбүздөн көз каранды", - деди ал.
Лукашенко ШКУга мүчө төрт мамлекет БУУнун Коопсуздук Кеңешинин курамына, анын ичинде экөө туруктуу мүчөлүгүнө кирерин белгиледи. Анын айтымында, бул мүчөлүк глобалдык көйгөйлөр боюнча чечимдерди кабыл алууда чоң роль ойнойт.
"Биз өз форматыбызда Нью-Йоркту да тартуу менен терроризмге каршы аракеттенүү, терроризм менен күрөшүү маселелерин илгерилете алабыз. Экономикалык планда ШКУ стимулдаштырууну, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүнү илгерилетип, бекем пайдубал түптөй алат", - деди Лукашенко.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиянын заманбап транспорттук-логистикалык каркасын түзүүнү тездетүүнү сунуштады.
Акордодон билдиришкендей, 1-сентябрда Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Токаев мамлекеттердин географиялык жактан байланышы ШКУнун стратегикалык артыкчылыгы болуп саналарын белгиледи.
"Казакстан "Бир алкак, бир жол" мегадолбоорун, Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун, "Түндүк-Түштүк" коридорун, ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азия ортосундагы келечектүү соода жолдорун айкалыштырууга чоң маани берет. Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунун бүткүл мейкиндигинде транспорттук демилгелерди илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр. Бажы процедураларын санариптештирүүнү, электрондук документтерди өз ара таанууну, "жашыл коридорлор" принцибин жана башка заманбап механизмдерди колдонууну колдойбуз. Жүктөрдү жөнөтүлгөн жеринен акыркы алуучуга чейин тоскоолдуксуз коштоо үчүн ШКУнун Бирдиктүү санариптик транзиттик платформасын түзүү натыйжалуу чечим болушу мүмкүн. Шанхай кызматташтык уюмунун 2035-жылга чейинки транспорттук өз ара байланыш стратегиясын иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуштайбыз", - деди Токаев.
Токаев муну менен катар жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүшү ШКУ өлкөлөрүнөн болуп жаткан өзгөрүүлөргө көнүүнү гана эмес, алдыңкы чечимдерди кабыл алууну да талап кылат деп эсептейт.
"Олуттуу илимий жана инновациялык потенциалга ээ болуу менен ШКУ мамлекеттери тажрыйба алмашуудан биргелешип технологияларды түзүүгө жана компетенцияларды жогорулатууга өтүүнү тездетип, жасалма интеллекттин өздүк экосистемасын ырааттуу түрдө калыптандыра алмак. Казакстан бул тармакта эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү жактайт. Быйыл биздин өлкө Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн Жасалма интеллект тармагындагы кызматташуу боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун уюштуруучуларынын катарына кирди. Ошондуктан мүчө мамлекеттердин алдыңкы университеттеринин, илимий мекемелеринин жана технологиялык компанияларынын катышуусу менен ШКУнун колдоосу астында Жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүүнү сунуштоо орундуу деп эсептейбиз", - деген Токаев.
Казак президенти Шанхай кызматташтык уюмун реформалоо маселесинин актуалдуулугун белгилеп, бул ишти тышкы саясий мекемелерге тапшырууну сунуштады.
Шерине