Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "ШКУ+" форматындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү жана "ШКУ+ Маданияттар жана цивилизациялар" туруктуу форумун түзүүнү сунуштады.
Бул тууралуу ал 1-сентябрда Бишкектеги "Ырыс Ордодо" өткөн "ШКУ+" форматындагы кеңейтилген курамдагы жыйында билдирди.
Мирзиёев Бириккен Улуттар Уюму эл аралык мамилелерде борбордук координациялоочу ролун сактап калышы керектигин, ал эми аймактык уюмдар айрым аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен анын ишин толуктай аларын айтты.
Анын белгилешинче, "ШКУ+" форматы мамлекеттер, аймактар жана эл аралык уюмдар ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп бере алат жана ар кандай демилгелерди шайкеш келтирүүгө көмөктөшөт.
Өзбекстандын президенти "ШКУ+" алкагындагы ишти туруктуу экономикалык өсүшкө, жогорку технологияларды киргизүүгө, климатка адаптациялашууга, адам капиталын өнүктүрүүгө, жеткиликтүү билим берүүгө жана жаштарды колдоого багыттоону сунуштады.
"ШКУ+" аймактык уюмдардын өнөктөштүк тармагын түзүү үчүн платформа катары чыгат. Мирзиёев аймактар аралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алардын катчылыктары менен тармактык органдарынын ортосунда туруктуу жумушчу байланыштарды түзүү зарыл деп эсептейт.
Мындан сырткары, өзбек лидери табиятты пайдалануу, жашыл энергетика, санариптик кызматтар жана саламаттык сактоо тармагында аймактар аралык долбоорлордун жана технологиялардын ачык банкын түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул мамлекеттерге айрым аймактарда буга чейин ийгиликтүү колдонулуп келген чечимдер менен алмашууга мүмкүндүк берет.
Мирзиёев "ШКУ+ Маданияттар жана цивилизациялар" туруктуу форумун уюштурууну сунуштап, Өзбекстан аны БУУнун кызыкдар түзүмдөрү менен биргеликте Хива шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
"Өлкөлөр менен аймактардын ортосундагы тийишүү чекиттери канчалык көп болсо, туруктуулук жана өз ара ишеним үчүн пайдубал ошончолук бекем болот", - деди Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Евразия мейкиндигинде ачык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү, мамлекеттер менен аймактардын өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү көп уюлдуулукту жактай турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Бириккен Улуттар Уюмунун ролун чыңдоо боюнча мамилеси өзгөчө көңүл бурууга татыктуу экенин айтты.
"БУУнун Уставы жана эл аралык укук нормалары калыптанып жаткан көп уюлдуу дүйнөнүн негизи болуп калышы керек деп ишенем", - деди Садыр Жапаров.
Орусиянын президенти Владимир Путин 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын саммитинде ШКУ Евразия чөлкөмүндө эле эмес жалпы дүйнөдө эң ири уюмдардын бир экенин айтты.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода алака жана инвестиция салуу өсүп жатканын, 2025-жылы Орусиянын уюмга мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 400 миллиард доллардан ашканын кошумчалады. Андан тышкары 1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуш башталганын эске салды.
“Бишкектеги биргелешкен ишибиз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бүткүл Евразия боюнча коопсуздукту, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөөгө салым кошот деп ишенем. Буга байланыштуу урматтуу достор, бүгүн, 1-сентябрь Экинчи дүйнөлүк согуштун башталган күнү экенин эске салгым келет. Биз куралдуу жаңжалдарга алып келиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерди дүйнөлүк практикадан толугу менен четтетүү үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшүбүз керек. Биздин ишибиз дал ушуга алып баратат деп ишенем”, - деди ал.
Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери 1-сентябрда аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүнү сүйлөштү.
Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов жана Түркиянын улуттук коргоо министри Яшар Гюлер Бишкекте, Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында жолуккан.
Коргоо министрлиги жолугушууда мекемелер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, тажрыйба алмашууга, аскердик кадрларды даярдоого жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын билдирди.
"Кыргызстандын коргоо министри Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, аскердик кызматташтык жалпысынан өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын улуттук коргоо министри Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө толугу менен даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан 2021-2022-жылдары Түркиядан "Байрактар" компаниясынан "Байрактар TB2", "Аксунгур", "Акынжы" дрондорун сатып алган. Кыргыз бийлиги аларды канча суммага сатып алганын ачык айткан эмес.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Аскердик билим берүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимине 1993-жылдын 3-мартында кол коюлган.
ШКУ+ форматындагы ШКУга мүчө мамлекеттердин жана уюмдун диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн башчыларынын саммити
Шерине