Бишкектин "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс борборунда "ШКУ плюс" форматындагы жыйын башталды.
Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жана өнөктөш, байкоочу макамдагы мамлекет жетекчилери жабык жыйынга чогулушту.
ШКУнун саммитине келген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкектен тарткан видеолорун социалдык баракчаларына жайгаштырууда.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкекке 31-августта келген. Аны "Манас" аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган. Пашинян расмий жолугушуудан кийин башка лидерлер менен катар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барган.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылар кеңешинин бүгүн, 1-сентябрда, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн жыйында бир катар документтерге кол коюлду:
- Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгына арналган Бишкек декларациясы;
- 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдык борбору жөнүндөгү жобо;
- Шанхай кызматташтык уюмунун баңгизатка каршы борборунун аткаруу комитети жөнүндө жобо;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейин баңгизат көз карандылыгына каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү программасы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилде синтетикалык баңгизаттардын жана алардын прекурсорлорунун жайылышына каршы күрөшүүдөгү чараларын координациялоо боюнча программасы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026-2028-жылдарга эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча демилгеси;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча 2026-2031-жылдарга биргелешкен иш-аракеттер планы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл технологиялык коридорун” түзүү (илимий-техникалык кызматташтык) боюнча 2026-2030-жылдарга кызматташтык программасы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга иш-аракеттер планы (жол картасы);
- Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында маалыматтарды иштеп чыгуу региондук борборлорун, эсептөө кубаттуулуктарын түзүү жана жасалма интеллект индустриясын өнүктүрүү концепциясы;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Африка союзунун комиссиясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу;
- Шанхай кызматташтык уюмунун ишин котормо менен камсыз кылуу жөнүндө;
- Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарын 2026-2027-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
- “Шанхай кызматташтык уюмунун Ыктыярдуу элчиси” ардактуу наамы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын 2025-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун иши жөнүндө баяндамасы;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмдүн кеңешинин 2025-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террордукка каршы түзүмүнүн иши жөнүндө баяндамасы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Ядролук жана физикалык ядролук коопсуздук үчүн көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча декларациясы;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугу жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергетикалык системалар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин үй-бүлө институтун колдоо жана бекемдөө жөнүндө билдирүүсү;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен мамлекеттерге жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
- 2010-жылдын 11-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө меморандумга;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы жасалма интеллект жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга;
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы маалыматтык чөйрөдө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга.
Булак: Президенттин администрациясы
ШКУга төрагалык кылуу эстафетасы Пакистанга берилди
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны өттү.
Анда президент Садыр Жапаров биринчи кезекте ШКУну тең укуктуу өнөктөштүктүн мейкиндиги катары мындан ары да бекемдөө маанилүү экенине токтолду.
“Биздин уюм мындан ары дагы блоктук ой жүгүртүүдөн жана тирешүүдөн эркин болуп, ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керек”, - деди президент.
Экинчиден, Садыр Жапаров белгилегендей, коопсуздуктун натыйжалуу жана ажырагыс системасын түзүү зарыл. Президент ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду тез арада ишке киргизүүгө өзгөчө маани берди. Бул контекстте Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун ишин баштоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнү билдирилди.
Үчүнчүдөн, мамлекет башчы экономикалык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге өткөрүү зарыл экенин айтты. Садыр Жапаров ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин практикалык жактан чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мүчө мамлекеттерди жана ишкер чөйрөлөрдү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда ачылган “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.
Транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы иш жүзүндөгү эң маанилүү кадам катары “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун атады. ШКУнун маданий-гуманитардык негизин бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйын жүрүшүндө ШКУнун бирдиктүү технологиялык мейкиндигин түзүү зарылдыгы да айтылды. “Мамлекеттердин заманбап технологияларга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү, анткени санариптик теңсиздик жаңы бөлүп-жаруучу чекке айланбашы керек”, - деди президент.
Саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашып, уюмду мындан ары өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров төрагалык кылуу эстафетасын Пакистан Ислам Республикасына өткөрүп берди.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.
Булак: Президенттин администрациясы
Шерине