23 миллион калктуу өзүн өзү башкарган Тайван аралын Бээжин өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Кытай Ирандан кандай сабак ала алат деген жана башка суроолорго Австралиядагы Лоули аналитикалык институтунун изилдөөчүсү, отставкадагы генерал Мик Райан жооп берди.
- Сиздин пикириңизде, Кытайдын президенти Си Цзинпин Ирандагы согуштан кандай сабак алды?
- Сабактар көп, бирок, эң негизгиси Си Цзинпин америкалык куралдуу күчтөр дагы деле абдан кубаттуу экенин өз көзү менен көрдү. Алар эбегейсиз аскерлерин жайгаштырып, бир нече убакыт бою абадан, деңизден таамай операция жүргүзүүгө кудуреттүү. Бул президент жана Кытайдын улуттук армиясы үчүн маанилүү. Тайванды блокадага алууну же басып кирүүнү чечишсе, ушуну эске алышат.
Америкалык армиянын кубаттуу потенциалына карабай, өлкөнүн администрациясы бир убакта бир эле согушту жүргүзүүгө жөндөмдүү. Менимче, чечимдер импульсивдүү кабыл алынат. Муну согуштун стратегиялык максаттары улам өзгөргөнүнөн баамдаса болот. Бул администрация үчүн эмнени көздөгөнүн билбей туруп мындай масштабдуу жаңжалды баштоо нормалдуу көрүнүш.
- Тайван маселесинде бул кандай колдонулушу мүмкүн? Кытайдын жакынкы жылдардагы пландарына кандай таасир этет?
- Менимче, эффективдүүрөөк стратегиясы бар болсо, кытайлыктар ийгиликке жетиши мүмкүн дегенди көрсөтөт. Согуш операцияларын жүргүзүү маанилүү. Кармашты жеңе албасаңар, урушту да ута албайсыңар. Бирок стратегия, туура стратегиялык эсептөөлөр, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу механизмдери алда канча маанилүү.
Кытай бул жагынан өзүн ушу тапта АКШдан жөндөмдүүрөөк деп эсептейт болуш керек. Согуштун пландалган стратегиясы менен аны ишке ашыруу ортосундагы ажырым реалдуу артыкчылык бериши толук ыктымал.
- Согушту баштоодо Вашингтондун импульсивдүүлүгү тууралуу айттыңыз. Бээжин үчүн мындай көрүнүштүн терс жана оң жактары бар болсо керек?
- Ооба, эки жагы тең бар. АКШнын Жарандык согуш учурундагы генералы Стоунволл Жексон күтүлбөгөн чечимдерди кабыл алган жетекчинин жакшы мисалы. Ал душманга кыйратуучу зыян алып келген, ошол эле маалда кээде кесепети өзүнө жана армиясына тийген чечимдери менен таанылган. Менин көз карашымда, президент Дональд Трамп экөөнүн топурагы бир. Анын да кандай кадамдарга барарын алдын ала айтуу кыйын.
Трамп буга чейинки президенттердин бирине да окшобогондуктан кытайлыктар анын тигил же бул окуяга реакциясы кандай болорун алдын ала болжолдой алышпайт. Себеби аракетинде ырааттуулук жок. Трамптын чечимдерине байланыштуу ушундай белгисиздиктен улам Си Цзинпин жана Кытайдын армиясы өздөрүн этият алып жүрөт болуш керек.
- Биз Ирандагы согуш тууралуу сөз кылуудабыз. Украинадагы согуш бир нече жылдан бери жүрүп жатат. Кытай ошол жаңжалдан кандай сабак алды?
- Кытайлыктар Британия менен Аргентина ортосундагы Фолкленд аралдары үчүн 1983-жылкы урушунан баштап 43 жыл ичинде болгон башка өлкөлөрдүн согуштарын жакшылап изилдеп келишет. НАТО альянс катары ишин кантип жүргүзөрүнөн, чечимдерди кантип кабыл аларынан кабары бар. Өнөктөштөрдү Вашингтондон кантип оолак кармоону да үйрөнүштү.
Менимче, глобалдык дезинформация кампаниясын жана Иран менен АКШ февралдан бери кириптер болгон маалымат согушун жүргүзүү сабагын да алышты.
Мындан тышкары дрондор согушунун маанисин түшүнүп калышты. Акыркы аскердик парад учурунда куралдуу күчтөрдүн бардык оор техникасына пилотсуз учактар орнотулган. Украинанын тажрыйбасынан сабак алып, аны Ирандагы согуш ого бетер бекемдеди.
- Сиз Си Цзинпин болсоңуз Ирандагы согушка байкоо салып туруп кырдаалга кандай баа берет элеңиз? Глобалдык энергетикалык кризистин экономикага таасир этери калетсиз. Аскердик перспективаны эске албаганда Бээжин Вашингтонго кандай мамиле кылат?
- Эгерде мен Си Цзинпин болсом, анын Батыштын күнү батып баратат деген теориясы чындык болуп чыкты деп ойлойт элем. АКШнын альянстар системасы ыдырап баратканына, Американын өнөктөштөрү менен Трамп администрациясынын ортосундагы өз ара ишенбөөчүлүк тереңдеп баратканына күбө болуудабыз. Си муну Кытайдын экономикасынын гүлдөп-өсүү доору тууралуу узак мөөнөттүү божомолу ишке ашып жатат деген далил катары эсептейт.
Мунун чындыкка канчалык дал келерин алдыда көрөбүз. Бирок көпчүлүк диктаторлордй болуп өзүнө ылайыктуу маалымат мейкиндигинде жашаган Синин көз карашынан алып караганда, ал ошондой эле болуш керек.
Ал эмки жумада эле Тайванга кол сала калат дегенге жатпайт. Балким андай мүмкүнчүлүктү издей баштайт. Ирандагы согушта ракета жана бомба запастары азайган АКШнын администрациясы алдыдагы октябрь-ноябрь айларында Конгресске болчу шайлоо менен алектенген маалда кытайлыктар учурдан пайдаланалы деп ойлошу мүмкүн.
Шерине