Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Кытай Ирандын жаңы лидерин бутага алууга каршы экенин билдирди

Ирандын жаңы жогорку руханий лидери Можтаба Хаменеи.
Ирандын жаңы жогорку руханий лидери Можтаба Хаменеи.

Кытай АКШ менен Израилдин Иранда жаңы жогорку лидер болуп дайындалган Можтаба Хаменеини бутага алышына каршы экенин билдирди.

«Бээжин кандай гана шылтоо болбосун башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө каршы. Ирандын эгемендиги, коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү урматталышы керек», - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гао Цзяцюнь 9-мартта.

Израил армиясы 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин ордуна ким келбесин куугунтуктоону улантарын билдирген. Мындай маалымат армиянын X социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган.

9-мартка караган түнү Иран бийлиги катаал позициясы менен белгилүү Можтаба Хаменеини атасы, маркум аятолла Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер кылып дайындады.

Буга чейин Американын президенти Дональд Трамп АКШ Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоого катышуусу керек экенин билдирген. Трамп ABC News телеканалына берген маегинде: «эгер ал [кийинки жогорку лидер] биздин батабызды албаса, анда ал узакка кармалбайт», — деген.

Шерине

XS
SM
MD
LG