Кыргызстанда айрым адамдар диний көз караштан, башкалары “вакцина аутизм өңдүү ооруларды козгойт” деген чочулоодон улам баласын эмдетпейт.
Бирок дарыгерлер баланын тилинин кеч чыгышына же аутизмге эмдөөнүн тиешеси жоктугун баса белгилешет. ДССУ жүргүзгөн илимий изилдөөлөр мындай учурларды каттаган эмес.
Блогер Илияс Чыңгызбек уулунун Инстаграмда 510 миң, Threads баракчасында 19 миңден ашуун катталуучусу бар. Жарым миллиондой аудиториясы бар блогер ушул жумада баласын эмдетүүдөн баш тартканын айтып чыкты.
“Эмдөөгө башым жетпейт чынында. Бирок мен алдырган жокмун. Себеби, булар кудайдын жаратканын бир аз алсызыраак болуп калыптыр, ошону бир күчтөп коелу деген маанини берет экен. Анан мен өзүм кудайдан ката тапкан ким болду экен деп алдырган жокмун. Сиздер алдырасыздарбы же алдырбайсыздарбы өзүңүздөр билесиздер”, - деген блогер.
Илияс Чыңгызбек уулунун бул пикири интернетте кызуу талкууга жем таштап, айрымдар аны колдосо, башкаларды блогерди жоопко тартууга чакырышууда.
"Кызамык баланы майып кылат"
Кыргызстанда 2025-жылы кызамык жуккан 8 миңден ашуун бейтап катталган. Ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калганы, алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар экени айтылган. Республикалык иммунопрофилактика борбору алардын баары ооруга каршы эмделбегенин билдирген.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова өткөн жылдары күч алган кызамык оорусу эмдөөнүн күчү менен сээлдегенин айтты:
“2023-жылы 7 миң, 2024-жылы 14 миң, 2025-жылы 8 миңдей кызамык жуккан учур катталган. Эмдөө кампаниялары жүргөндөн кийин азайып, азыр 400дөй учур катталды. Бирок бул сан деле биз үчүн аз эмес. Эмдөө албагандын кесепетинен көк жөтөл көбөйүп жатат, паротит пайда болду. Кызамык күч алган 2023-жылы алты жаштан 14 жашка чейинки эмдөө албай калган балдар арасында өлүм учурлары катталды. Андан тышкары бул оору мээнин сезгенишине, дүлөйлүккө алып келет, иммунитетти түшүрүп салгандыктан балада башка оорулар пайда болушу мүмкүн. Ошон үчүн ооруган балдар сакайып кеткенден кийин дагы көзөмөлдө болот. 13 коркунучтуу оору бар, аларды эмдөөнүн жардамы менен гана ооздуктайбыз”.
ДССУнун Европа аймактык бюросунун иммунизация программаларын чыңдоо тобунун изилдөөсүндө Борбор Азияда айрыкча кызамыкка чалдыккан учурлар 42% түзөрү көрсөтүлгөн. Оору айрыкча беш жашка чейинки балдар арасында жайылган.
Изилдөөдө акыркы үч жылда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда кызамыкка чалдыккандар көп катталганын көрүүгө болот.
Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык иммунопрофилактика борбору жана ЮНИСЕФ уюму 24-25-сентябрда аймактык стратегиялык диалог уюштурду.
Анда Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген дарыгерлер Кой-Таш айылында чөлкөмдөгү абалды жакшыртууну талкуулап, калкты эмдөө жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин Вакцина менен башкарылуучу инфекцияларды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Нуршай Азимбаева коңшу өлкөдө жугуштуу ооруларга каршы кандай иштер жүрүп жатканын айтып берди.
“Казакстанда эпидемиологиялык туруктуулуктан улам инфекциянын жайылышы көп жылга чейин катталган эмес. Мындан улам эмдөөнүн кереги жок деген көз караш пайда болгон. Айрым оорулар, диний ишенимдер, ЖМКдагы, социалдык медиадагы айрым терс маалыматтар дагы эмдөөдөн баш тартууга себепкер болууда. Мунун айынан өткөн жылдары чоң шаарларда кызамык жайылып кеткен учурлар катталган. Бул көрүнүшкө каршы туруу, эмдөөнүн пайдасын элге түшүндүрүү үчүн egu.kz сайтын ишке киргизип, элге түшүнүктүү тилде жазылган керектүү, илимий маалыматтарды жайгаштырып турабыз. Андан тышкары түз линияны ишке киргизгенбиз. Каалоочулар 7701 номуруна чалып, эмдөөгө байланыштуу керектүү маалыматты алса болот”.
Дин ишмерлери кызамыкты азайтууга кандай салым кошту?
Кыргызстанда болсо вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тарта күч алган. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрүү, агартуу иштерине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын тартууга аргасыз болгон.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова дин ишмерлери агартуу иштерине тартылгандан бери оору жуккан учурлар азайганын белгиледи.
“Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы учеттук-отчеттук форманы бекиткен. Ошондо эмдөөдөн баш тартуу учурлары изилденип, диний көз караш, ата-энелердин кооптонуусу, миграция баштаган көйгөйлөр катталган. 2016, 2017, 2018-жылдары диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартуу 78% түзсө, кийинки жылдары түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жугуштуу оорулардын тарашы 40% түздү. Бул чоң жетишкендик. Муфтият 2019-жылы фатва кабыл алып, ал дагы оорунун азайышына салым кошту. Азыр эми социалдык тармактардагы блогерлердин туура эмес маалыматынан улам 20-30 жаштагы ата-энелер эмдөөдөн баш тарткан учурлар катталууда, ички-тышкы миграция, маалыматтын жетишсиздиги дагы оорунун жайылышына себеп болууда", - дейт Ишенапысова.
Айткандай эле, Муфтияттын сайтында диний коомчулук эмдөө жараянына кол кабыш кылып жатканы тууралуу бир катар маалыматтар жарыяланганын көрүүгө болот. Айрым динзарлар атайын жумушчу топко өкүл катары дагы киришкен.
Өткөн жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы миссиясы өлкөдөгү балдарды эмдетүүдөн баш тартууга алып келген себептерди аныктоо үчүн изилдөө жүргүзөрү маалым болгон. Андан тышкары бир катар эл аралык уюмдар бул жаатта кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет.
Алардын бири – ЮНИСЕФ. “Борбор Азиядагы иммунизация” аймактык стратегиялык диалогунда эл аралык уюмдун Кыргызстандагы жетекчиси Самман Тапа буларды айтты:
“Биз бул көп багытта иштерди алып барабыз. Алардын эң маанилүүсү – саламаттык сактоонун жана эмдөөнүн системасын күчтөндүрүү. Эки нерсени айта кетким келет, өзүңүздөргө маалым болгондой, вакцина жакшы сакталышы үчүн атайын медициналык муздаткычтар керек. Бул жаатта бир аз жетишпестиктер бар. Биз ошол атайын эмдөө материалдарын сактоочу жайларды куруу менен алектенебиз. Эмдөө канчалык маанилүү экенин элге түшүндүрүү үчүн коомдук жана диний уюмдар менен иштешебиз. Бул маселеде сиздер, журналисттер дагы маалымат таратууда колдоо көрсөтсөңөр. Ата-энелерге кайрыла кетет элем, эмдөө - өтө зарыл, керектүү нерсе. Баарыбыз чогуу аракеттенүү менен жугуштуу ооруларды жеңе алабыз”.
Эмдөөсү жок бала мектепке кабыл алынбайбы?
Соңку кезде эл арасында “эмдөөсү жок балдарды мектепке же бала бакчага албайт” деген суроолор көп чыгууда.
Республикалык иммунопрофилактикалык борбор бул маалыматты четке кагып, чектөө кайсы учурларда иштерин Фейсбук баракчасында так көрсөткөн.
Мекеменин белгилешинче, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” жаңы мыйзамдын 84-беренесине ылайык, балада профилактикалык эмдөөлөрдүн жоктугу жарандарды мектепке же бала бакчага кабыл алуудан убактылуу баш тартуу (же жеке ишкерлердин билим берүү кызматтарын чектөө) массалык жугуштуу оорулар каптаганда же эпидемия коркунучу жаралганда гана мүмкүн.
Эл аралык эрежелер боюнча конкреттүү эмдөөлөрдү талап кылган өлкөлөргө чыгууга тыюу салынат. Жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору болгон тармактарда (медицина, тейлөө чөйрөсү ж.б.) эмдөөсүз иштөөгө чектөө коюлат. Эгер эмдөөдөн баш тартуунун айынан бала оор жугуштуу оору менен ооруп калса, ага ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) жоопкерчиликтүү болот.
Бирок эпидемия жарыяланбаган, тынч учурда баланы “прививка албаган” баланын мектепке же бала бакчага барышына чектөө жок. Кабыл албай койгон учурда баланын билим алууга болгон конституциялык укугу бузулганы үчүн тиешелүү органдарга кайрылса болот.
Шерине