Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Кыргызстанда айыл чарба тармагында колдонуу үчүн спутник жасалууда

Кыргызстанда чогултулган спутник. 24-сентябрь, 2026-жыл.
Кыргызстанда чогултулган спутник. 24-сентябрь, 2026-жыл.

Бүгүн, 24-сентябрда, "Кыргыз Асман" ишканасында жасалган алгачкы кыргыз спутниги коомчулукка тааныштырылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлдү.

Долбоорду ишке ашырууга болжол менен 2,5 жыл убакыт кеткен. Учурда аны космоско учурууга даярдык көрүлүүдө. Спутник октябрдын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан учурулат.

Негизинен ал айыл чарба тармагында колдонулат. Алынган маалымат эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин баалоого, айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого, ошондой эле түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, спутник мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

Учурда спутниктин негизги бөлүктөрүн чогултуу, электрондук жабдууларды орнотуу жана бардык системаларын текшерүү иштери жүрүп жатканы кабарланды. Учурууга чейинки акыркы даярдыктар аяктагандан кийин ал космоско жөнөтүлөт.

"Кыргыз Асман" ачык акционердик коому Министрлер кабинетине карайт.(ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG