Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

"Орунбековдун тизмеси" боюнча териштирүү уланары айтылды

"Орунбековдун тизмеси" боюнча коллаж.
"Орунбековдун тизмеси" боюнча коллаж.

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкектин Ленин райондук сотунда "Орунбековдун тизмесине" байланыштуу маселе боюнча отурум өттү. Анда “Түндүк” системасындагы жарандардын жеке маалыматтарынын ачык жарыяланып кетишине байланыштуу милициянын кылмыш ишин козгоодон баш тартуусунун мыйзамдуулугу карала баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, мурда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим жокко чыгарылганы, демек, Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековго байланыштуу териштирүү уланары белгилүү болду.

"Тергөөчү соттук отурумга келген жок. Прокурор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимди жокко чыгарган токтомду алып келиптир. Бул Орунбековдун ишмердүүлүгү боюнча текшерүү кайра жанданганын билдирет. Бирок токтомдо мөөр да, прокурордун кол тамгасы да жок болуп чыкты. Документтин жогорку бөлүгүндөгү QR-код да иштеген жок. Эмне үчүн иштебей жатканын сурасам, ал "кызматтык пайдалануудагы жашыруун маалыматтар үчүн" деп жооп берди. Бирок мен буга ишенген жокмун. Анткени мындай QR-код документтин аныктыгын текшерүү үчүн коюлат жана ал иштеп турса, кол тамганы талап кылбайт. Судья Байматов менин жүйөлөрүмдү эске алып, ишти кароону кийинки отурумга жылдырды жана прокурорду талаптагыдай таризделген, анык токтомду алып келүүгө милдеттендирди", - деди Токтакунов.

Адвокат жарандардын “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтарынын ачыкка чыгып кетишине байланыштуу милиция Дайырбек Орунбековду суракка алышы керектигин белгиледи.

Орунбеков 20-июлда Фейсбукка пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер тууралуу терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Ал мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга “Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.

Ошону менен катар ал аталган саясатчыларга жакын жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү жана туулган күнү көрсөтүлгөн тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Камчыбек Ташиев тууралуу сөздү алып салып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.

Постто аты аталган юристтер (анын ичинде Нурбек Токтакунов да бар), укук коргоочулар, активисттер жана саясий серепчилер Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүн кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине нааразылык билдиришкен.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү башталганын билдирген.

“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында белгилүү болгон. Иш башкармалыгы бул маселеге байланыштуу комментарий бере элек.(ZKo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG